Кытай согушка качан кийлигишет

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1962749
Кытай согушка качан кийлигишет

Аба шарттарынын жакшырышы менен Россия  - Украинанын ортосунда болгон кагылышуулар да күч ала баштагандай байкалууда. Өзгөчө Бахмут шаарына карата Вагнердин жол башчылыгындагы орус чабуулдары күч алып, Батыш блогунун Украинага аскердик жана экономикалык колдоосу да күн өткөн сайын күч алуусу улантылууда. Бардык батыш блогу АКШнын лидерлигинде Россияга каршы туруп, Кытайдын олку  - солку болгон мамилесин сактап же сактай албай тургандыгы жана Россияга аскердик жардам берип же бербей тургандыгы тууралуу суроо күн тартибине келди.

 СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Россиянын Украинага карата чабуулуна бир жыл болуп,  аянтта аскердик кагылышуулар менен бирге экономикалык жана саясий жактан да күрөшүү болгон ылдамдыгы менен улантылууда. Өзгөчө АКШнын лидерлигинде англо  - саксон өлкөлөр Россияга каршы согушка айланган процессти акырына чейин жеткирүүнү көздөп жаткандай.

Украинага аскердик өнүккөн технологияга негизделген оор куралдарды ташуулар уланууда жана бул өлкөгө Европа Биримдигинин кошкон салымы менен чексиз экономикалык колдоо көрсөтүлүүдө. Булардан тышкары  Россияга каршы өтө олуттуу экономикалык санкциялар бар. Жалпысынан алганда, көрүнүш АКШ Россияны тизелетмейинче бул иштен баш тартпай турганы боюнча.

Ал эми Россия Куба, Корея, Иран өңдүү чакан мамлекеттерден колдоо алып жатканы менен негизги өнөктөшү Кытайдан каалаганын ала элек. Кытай Россиянын баскынчылык аракетине басып алуу катары карабайт жана Россияга карата санкцияларга да каршы. Мындан тышкары, Кытай олуттуу экономикалык импорт жасоо менен Россияны колдоп жатат. Кайрадан, маанилүү технологиялык трансфер менен Россиянын батыштык өлкөлөрдүн санкцияларынан азыраак жабыр тартууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бирок аскердик колдоо азырынча сөз боло элек.

Кытай согуштун башында Россиянын өзүнө кеңешпестен чабуул башташын оң кабыл алган эмес, мунун өзү үчүн да батыш дүйнөсү менен эрте күрөштү башташы мүмкүн деп ойлогон. Өзгөчө Россиянын бир аз алсыроосун жана дагы көп өз канатынын астына киришин  стратегиялык жетишкендик катары көрүшү да бир ыктымал. Бирок келинген жерде Россиянын дагы көп эзилиши жана аскердик жактан Украинада чоң жеңилүүгө учуратылышына чыдай тургандыгын ойлобоймун. Бул абал стратегиялык жактан Кытай үчүн абда чоң жоготуу деген мааниге келет. Кытай Россиянын арадан чыгарылышынан кийин кезектин өзүнө келерин билип кадам ташташы керек.

Анткени, азыр да АКШ AUKUS сыяктуу структураларды куруп, Кытайды геосаясат жагынан курчоого алуу кадамдарын улантууда. Демек, Россия АКШнын Батышка каршы түзгөн жаңы союздук тармактарына каршы Кытайдын эң чоң жана эң маанилүү өнөктөшү болот. 

Кытай жакынкы айларда тандоо менен бетме – бет келет. Же Россияга аскердик жактан колдоо көрсөтөт же  Украина фронтунда колун бекемдейт, же эң чоң союздашынын аянтта эзилип  оюндун тышында калуусун көрбөстүккө салып, өз кезегин күтөт.



Тектеш кабарлар