Эрзурум Кадайыф долмасы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-27

1956779
Эрзурум Кадайыф долмасы

Эрзурум Кадайыф долмасы

Катталган күнү: 01.03.2010

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы тарыхый шаардын атынан аталган "Эзурум кадайыф долмасы" б.а оромо таттуусу 2010-жылы Эрзурум соода биржасынын кайрылуусу менен географиялык жактан катталган өнүмдөргө кирген. «Эрзурум кадайыф долмасы», алаканга коюлган зымдай ичке камыр түрүндөгү кадайыфтын ичине майдаланган жаңгакты салып орогондон кийин жумурткага малып кызартып бышырылган жана шербеттелген десерттин бир түрү болуп саналат. Эрзурум кадайыф долмасынын даамына колдонулган азыктардын сапаты жана өзгөчө кадайыфтын түзүлүшү таасир этет. Кадайыф өтө ичке жана өтө жоон да болбошу керек. Десертти даярдоодо таза жерге 20-25 грамм кадайыф төшөлүп ага 10 граммдай майдаланган жаңгак салынат жана ашыкча престебей жука оролот. Андан кийин жумуртканы чалып кадайыф анын ичине матырылат. Кадайыф долмалары бир аз тик патносто бир нече мүнөт кармалып жумурткадан сарыктырылат. Майды ысытып кызарта бышырылган кадайыф долмалары мурда даярдалган муздак шербеттин ичине салынат. Шербетти сиңирип алган кадайыф долмалары кесилгенде зымдай ичке-ичке түзүлүшү жана бышканы көрүнүп турушу керек.



Тектеш кабарлар