Белгилүү тарыхчы Ахмет Ташагылдын кыргыз таанууга кошкон салымы
Кыргыз таануу-13
Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында белгилүү тарыхчы Ахмет Ташагылдын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.
Профессор доктор Ахмет Ташагыл 1964-жылы Түркиянын Кожаели облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1985-жылы Стамбул университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. Ошол эле жылы Тайванга барып кытай тилин үйрөнө баштаган. 1988-жылы магистрдик, 1991-жылы доктордук (PhD) диссертацияларын Улуу түрк кагандыгынын тарыхы боюнча жактаган.
Ахмет Ташагыл орус, англис, француз, кыргыз жана казак тилдерин жакшы билет. Ал байыркы түрк калктарынын тарыхы боюнча барандуу адис. Ташагыл Монголия, Россия, Кытай, Өзбекстан, Казахстан жана Кыргызстанда илимий изилдөөлөр жүргүзгөн. Кыргыздар жашаган аймактарды жакшы билет.
Ахмет Ташагыл Мимар Синан, Ахмет Яссави, Йедитепе университеттеринде жана 2004-2005-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги Түрк цивилизациясы борборунун мүдүрү кызматын аркалаган. Кыргызстанды кыдырып илимий изилдөөлөрү үчүн материалдар чогулткан.
Ахмет Ташагыл байыркы түрк тарыхы боюнча ондон ашуун китеп жарыялаганга жетишкен. Автор бул китептеринде кыргыздардын байыркы тарыхын, алардын жалпы түрк тарыхындагы ордун мыкты чагылдырып берген.
Ташагыл эмгектеринде “байыркы кыргыздар түрк тектүү калк эмес” деген пикирди жокко чыгарган далилдерин байма-бай жарыялап келет. Анын YouTube каналындагы кыргыздар боюнча программасын 10 миңдей киши көргөн.
Анын пикирине ылайык энесайлык кыргыздардын саны көп болгон. Кийин ар кыл себептерден улам алар башка калктарга аралашып кеткен.
Кыргыз каганы 843-жылы Чугу Алп Сол аттуу элчисин Таң династиясына жиберген. Ташагыл Кытай булактарында “Чугу” деген атты алып жүргөн уруунун бар экендигин билдирген. “Чугу азыркы кыргыздардын кайсыл уруусунун ошол доордогу аты болушу ыктымал?” деген суроо жаралат.
Ташагылдын оюу боюнча кыргыздар 10-кылымдын 60-жылдарында чыгыштан келген өңгүттөрдүн чабуулдарынан чегинип Энесайга кайтышкан.
Ахмет Ташагыл Стамбулда басылган көп томдук Ислам энциклопедиясына Өзгөн, Ысык-Көл, Талас согушу темалары боюнча макалалар жарыялаган. Мындан сырткары азыркы Кыргызстандын абалы, анын түрк дүйнөсүндөгү орду боюнча да иликтөөлөрүн Түркияда жарыялап келет.
Кыскасы Түркияда байыркы кыргыз тарыхы боюнча изилдөө жүргүзгөндөр сөссүз профессор, доктор Ахмет Ташагылдын эмгектерин окуп, өз иликтөөлөрүндө шилтеме жасашат.
Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова
Колдонулган адабияттар:
Taşağıl, Ahmet, “Çin Kaynaklarına Göre 840 Yılından Önce Kırgızlar”, Türk Dünyası Araştırmaları Dergisi, 100, İstanbul 1996, s. 127-138.
Taşağıl, Ahmet, “Çin Kaynaklarına Göre 840 Yılından Önce Kırgızlar”, Marmara Üniversitesi Fen Edebiyat Fakültesi, Türklük Araştırmaları Dergisi, 8, İstanbul 1997, s. 495-510.
Taşağıl, Ahmet, “Eski Kırgız Kabilelerin Etnik ve Kültürel Yapısı”, Uluslararası Kırgız Tarihinin Meseleleri Sempozyumu, 7 Nisan 2009, Bişkek.
Taşağıl, Ahmet, “Eski Türk Tarihinde Kırgız Türklerinin Yeri ve Önemi”, Türk Dünyası Tarih Kültürü Dergisi, Sayı: 348, Aralık, 2015. s. 46-51.
Taşağıl, Ahmet, “Isık Göl”, Diyanet İslam Ansiklopedisi, Cilt 19, İstanbul 1999, s. 135-137.
Taşağıl, Ahmet, “Isık Göl”, Tarih ve Medeniyet Dergisi, 28 Haziran 1996, s. 59-63.
Taşağıl, Ahmet, “İpek Yolu’nda Kırgızistan’ın Önemi”, III. Uluslararası Kültürel Miras ve Turizm Kongresi, 25 Eylül, Bişkek 2019.
Taşağıl, Ahmet, “Kırgız Ülkesi”, Tarih ve Düşünce, 40, Haziran 2003, s. 54-60.
Taşağıl, Ahmet, “Kırgızlar”, Çin Kaynaklarına Göre Eski Türk Boyları, TTK Yay., Ankara 2004. s. 50, 73- 86.
Taşağıl, Ahmet, “Özkent”, Diyanet İslam Ansiklopedisi, Cilt 34, İstanbul 2007, s. 129-131.
Taşağıl, Ahmet, “Talas Savaşı”, Diyanet İslam Ansiklopedisi, Cilt 39, İstanbul 2010, s. 501.
Taşağıl, Ahmet, “Türkiye'nin Orta Asya Türk Cumhuriyetleri ile İlişkilerinin Dünü, Bugünü ve Yarını”, Stratejik Araştırmalar Dergisi, 3, Şubat 2004, s. 19-44.
Taşağıl, Ahmet, “Yaşayan En Eski Türk Boyu; Kırgızlar”, YouTube, https://www.youtube.com/watch?v=jXNDc6HjXF0, (Алынган датасы: 11.02.2023).
Ташагыл, Ахмед. 840-жылына чейинки кыргыздар тууралуу кытай булактарынан маалыматтар// Манас университети Коомдук илимдер журналы. 3. Бишкек 2002. 443-459-б.