Россия  -  Украина согушуна бир жыл

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

1956133
Россия  -  Украина согушуна бир жыл

2022 -  жылы 24 -  февралда  орус армиясы Украинаны басып алуу аракетин баштап, орус президенти Путин оңой эле жеңишке жетүүнү ойлогон.

Путин Зеленский бийлигин кулатып, өзүнө жакын бийликти алып келип Украинаны көзөмөлгө алууну ойлогон. Бирок убакыт өткөн сайын Путиндин чоң бир эсеп жаңылыштыгы кылгандыгы жана Россияны стратегиялык жан кечтиликтин босогосуна алып келгендиги байкалды. Россия  -  Украина согушунун жыйынтыгы тарыхтын маанилүү бурулуш жерлеринин бири болду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

2022 -  жылы 24 -  февралда Путин бир кыймыл жасап Украинада Зеленский бийлигин кулата аларын жана өзүнө жакын Россиянын көзөмөлүндөгү Украина жарата аларын ойлоду. Орус атайын күчтөрү  чагылган сыяктуу кыймыл менен Киевди көзөмөлгө алып жана Украина армиясы да туруштук бере албастан таркамак. Бирок убакыт өткөн сайын Путиндин абдан чоң эсеп жаңылыштык кылгандыгы байкалды. Чагылгандай кыймылы ийгиликсиз болгондой эле   атайын күч операция катары башталган кыймыл конвенциялык  басып алуу аракетине айланды. Бирок орус армиясы бул басып алуучулакка жетиштүү түрдө даярданган эмес эле жана Киев, Чернигов жана Суми шаарларында жеңилип, кайра кайтууга мажбур болду. Андан кийин Харьков жана акырында да Крымдын түндүгүндөгү Херсондун борборун да Украина армиясына алдырды. Андан кийин Днепрдин түштүк жана чыгыш аймактарында линия түзүп, коргонууга өттү. Орус армиясынын аскердик жөндөмдүүлүгү талкууга түшүп, Украина болсо күтүлбөгөн чыдамдуулукту көрсөттү. Батыш өлкөлөрүнүн чексиз жардамы албетте негизги ролду ойногон факторлордун бири болду. Орустар согуштук стратегиясын өзгөртүп, Украианын инфраструктурасын бутага алып,  жарым-жартылай мобилизациялоо менен согуш аянтындагы адам ресурстарын көбөйтүү жана коргонуу өнөр жайына басым жасоо менен экономикасын акырындап согуш экономикасына айландырууга аргасыз болду.

Согуш башталгандан бери бир  жыл өттү, аскердик жактан тараптар чоң жазгы согушка даярданып жатышат. Саясий чечүүчү жол тууралуу жакшы ниет көрүнүш жок.

Түркия согуштагы теңдеши жок 3 -  жол деп аталган позициясын сактап, ыктымалдуу  ок атышпоо үчүн күрөшүүнү улантууда. Бирок өзгөчө АКШ жана Британиянын позицияларын сактагандарын, эми кыйратуучу согушка  айланган процесс улантылып Россия дагы көп чыгымга учуратылышы керек деген ойдо. Ушул кезге чейин согуштун глобалдык мааниде олуттуу таасири болду. Глобалдык азык  - түлүк коопсуздугунан, энергетикалык геополитикага чейин бир нече темада белгилөөчү таасирлеринен сөз кылууга болот.

Түркиянын демилгеси менен глобалдык кыйратуучу таасирин азайтууга аракет кылынса да согуш созулган сайын тескери таасирлердин дагы да күчөй турганын айтууга болот. Кытай сыяктуу жаңы актерлордун Россиянын пайдасына кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, ядролук кагылышуу ыктымалын күчөткөндүгүнө көңүл буруу керек.  Бирок бардык коркунучтарга карабастан тараптар жана колдоочуларынын азыркы учур үчүн  ок атышууга даяр болбогондой эле  жаз айлары менен бирге эскалацияга даярданып жаткандары байкалууда. Эки тараптын кыйын кыш айларында жаңы кол салууга даярдык көргөндүгүн көрдүк. Украина армиясы батыштык өлкөлөрдөн курал – жарак сатып алууну улантты, өзгөчө катмарлуу абадан коргонуу системалары, узак аралыкка атуучу HIMARS артиллериялык системалары жана бронетанкалар  маанилүү элементтер болду. Орустар болсо Днепрдеги күчүн бекемдегенден кийин,  жарым - жартылай мобилизациялоо менен аскерлеринин санын жана машыгуусун, фронттогу Вагнер сыяктуу аскерлештирилген күчтөрүнүн санын көбөйттү.

Орус коргонуу өнөр жайынын өндүрүшүн олуттуу түрдө күчөткөндүгүн байкадык. Ошондуктан 2 тарап тең жаңы чоң кагылышууларга даярданып, мезгилдик шарттардын жакшырышын күтүп жатышат.






 

 



Тектеш кабарлар