Кылымдын апааты
СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркиянын түштүк - чыгыш аймагындагы Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондорунда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр бүт аймакты таасири астына алды. Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) көрсөткүчтөрүнө караганда каза болгондордун саны 35 миңден ашса, жаракат алгандардын саны 100 миңден ашты. Жер титирөөлөр Түркия менен бирге Сириянын түндүк – батыш аймагын чоң чыгымга учуратып, Идлиб, Африн жана Халеп сыяктуу аймактарда 10 миңге жакын адам каза болду.
СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.
Түркия 6 - февраль күнү эрте менен чоң бир апаат менен бетме - бет келди. Жер титирөөлрөдү изилдеген окумуштуулар «кылымдын апааты» деп атаган жер титирөөлөр бири биринин артынан болду. Түркиянын түштүк - чыгыш аймагында жайгашкан Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондорунда 8 сааттык аралык менен Рихтер өлчөгүчү боюнча 7, 7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр 10 облуста чоң кыйроого себеп болду.
Жер титирөөлөрдүн бири биринин артынан жана жер бетине 7 километр сыяктуу абдан жакын жерде болушу, 90 секун сыяктуу узун убакытка созулушу кыйроону арттырды. Кахраманмараш менен бирге Хатай, Газиантеп, Малатья, Адыяман облустарында ал эми Сириянын Идлиб жана Халеп провинцияларында дагы олуттуу кыйроолор болду. Германиянын аянтынчалык бир аймактын жер титирөөдөн жабыркагандыгын көрүп жатабыз. Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирген (AFAD) сандарга караганда каза болгондордун саны 15 - февралдан тарта 35 миңден ашкан болсо, жаралуу саны 100 миңден ашты. Сирияда каза болгондордун саны 10 миңге жакындады. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда бейөкмөт уюмдар жана эл аралык издөө-куткаруу кызматкерлеринен турган жалпы 35 249 издөө-куткаруу кызматкерлери иштеп, Түркиянын дүйнөдөн жардам чакыруусунан кийин 60тан ашуун өлкдөн келген 9.456 издөө – куткаруу кызматкерлери да издөө – куткаруу итерине катышты. Жер титирөө болгон аймакта кызмат кылган коомдук кызматкер саны 250 миңден ашты.
Түркия жер титирөөнүн алгачкы учурунан тарта бардык мекемелери менен кыйраган аймактарга жардам көрсөтүүгө аракет кылды. Өзгөчө издөө - куткаруу операциясында адамдарды урандыдан тирүү куткарууга аракет кылынды. Бирок кыйраган 50 миң имарат бар жана тилекке каршы бардык имараттарга жетишүү мүмүн болгон жок. Урандылар менен бирге адамдар жашай турган жерлер тууралуу маселелер да чечилүүгө аракет кылынууда. Аба ырайы абдан суук болгон аймакта ылдам түрдө чатыр жана контейнер шаарлар курулууда.
Албетте, бир канча убакыттан кийин талкаланган шаарлар жер титирөөгө чыдамдуу түрдө кайра курула баштайт. Президент Эрдоган жер титирөөдөн жабыркагандарга жаңы үйлөрдүн болжол менен бир жылдын ичинде курула турганын убада кылды. Түрк эли өз ара чоң тилектештикти көрсөтүүдө. Он миңдеген ыктыярчылар жер-жерлерде жардам беришип, башка бардык провинцияларда жардам уюмдары уюштурулуп, бейөкмөт уюмдар абдан активдүү аракет кылышууда.
Албетте, эл аралык коомчулуктун да маанилүү ролу бар. Бул үйлөрдү жана инфраструктураны кайра куруу үчүн Түркияга колдоо көрсөтүүлөрү керек. Түркия дүйнөнүн бардык аймактарында жардамга муктаж өлкөлөргө кол сунуу менен чоң тилектештик көрсөткөн жана чындыгында анын акыбеттерин көрө баштаган өлкө. Түркияга дүйнөнүн ар тарабынан жардамдар келүүдө, бирок өзгөчө кайра куруу процессинде дагы көбүрөөк колдоого муктаж болот.