Буларды билесиздерби?
Ара Гүлер.

Эл аралык аренада да эмгектерди жараткан белгилүү түрк фотосүрөтчүсү Ара Гүлер үчүн «Стамбулдун көзү» деп айтылгандыгын билесиздерби?
Түркияда фотография дегенде эске келген ысымдардын бири Ара Гүлер. 1928 - жылы Стамбулда туулган фотосүрөтчү 90 жылдык өмүрүндө Түркиянын эле эмес, дүйнө фотосүрөтүнүн да негизги баалуулуктарынын бири болду.
Бала кезинде кинодон таасирленген Ара Гүлер орто мектепте окуп жүргөн кезде атасы алган 35 миллиметрдик пленкалуу камера жана фотоаппарат менен фото журналист болуп иштей баштаган. Ошол эле мезгилде киностудияларда кино тартуунун түрдүү тармактарында да иштеп, театрды үйрөнө баштайт. Стамбул университетинин экономика факультетинде билимин улантып жатып, журналист болууну чечет.
1961 - жылы Британияда жарыяланган The Photography Annual аны дүйнөдөгү жети мыкты фотографтын бири катары аныктайт. Ошол эле жылы Америка журналынын фотографтары ассоциациясына кабыл алынып, бул уюмдун Түркиядан катышкан жалгыз мүчөсү болот. Анын тарткан фотосүрөттөрү фото дүйнөсүнүн абдан маанилүү басылмаларында колдонулат. АКШда, Германияда, Парижде түрдүү көргөзмөлөрдү ачат. Ара Гүлер дүйнөнү кыдырып, фото интервьюларды жасап бүткүл дүйнөгө жарыялаган.
Өзүн “убакыттын фотографы” деп аныктаган чебер фотосүрөтчү карьерасы боюнча Шарль Де Голль, Исмет Инөнү, Уинстон Черчилль, Индира Ганди, Жон Бергер, Бертран Рассел, Билл Брандт, Альфред Хичкок, Ансель Адамс, Имоген Каннингем, Сальвадор Дали, Мария Каллас, Фикрет Муалла, Пабло Пикассо сыяктуу жетүү кыйын болгон маанилүү инсандардан интервью алып, сүрөткө тарткан. Бул кадрлардын эң атактуусу фотографтарга сүрөткө түшпөгөн Пикассо.
2000 - жылы Францияда Légion d'honneur сыйлыгы менен сыйланган Ара Гүлердин фотосүрөттөрүнүн көбү Франция, АКШ жана Германиянын ар кайсы музейлеринде көргөзмөгө коюлган. "Фотограф өнөрпозу" деген аныктаманы кабыл албаган Ара Гүлер дайыма "фотожурналист" экендигин айтып келген.