Түрк республикаларында болгон маанилүү иш сапарлар

Евразия күндеми-22

1940760
Түрк республикаларында болгон маанилүү иш сапарлар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда өткөн аптада түрк республикаларында болгон маанилүү иш сапарлар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Азербайжандын жана Казакстандын президенттери Бириккен Араб Эмирликтерине иш сапары менен барып “Абу-Даби туруктуу өнүгүү жумалыгы 2023” саммитине катышышты. Үстүбүздөгү жылдын 15-январь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Бириккен Араб Эмирликтерине иш сапары менен барды. Президент Алиев Абу-Дабиде президент шейх Мухаммед бин Заид аль Нахайян менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелер талкууланды.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев 16-18-январь күндөрү Бириккен Араб Эмирликтеринде расмий иш сапары менен болду. Президент Токаевди Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид аль Нахайян расмий салтанат менен тосуп алды. Андан кийин делегациялар аралык жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 9 келишимге кол коюлду. Тараптар биргелешкен соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда. Иш сапарынын алкагында президент Токаев араб эмирлери жана белгилүү араб инвесторлору менен өз-өзүнчө жолугушту. Мындан тышкары Казакстандын президенти Токаев араб ишкерлери менен тегерек стол өткөрдү.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 17-19-январь күндөрү Швейцарияда иш сапары менен болду. Давос Дүйнөлүк Экономикалык Форумуна катышкан Илхам Алиев, Латвиянын жана Литванын президенттери, Хорватиянын жана Нидерландиянын премьер-министрлери, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын жана эл аралык ири холдингдердин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Азербайжандын энергетикалык ресурстарын Европага жеткирүү маселеси күн тартибиндеги актуалдуулугун жогото элек.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 17-18-январь күндөрүндө мамлекеттик иш сапары менен Сингапур Республикасында болду. Президент Шавкат Мирзиёев Сингапурдун президенти Халима Якуб жана премьер-министри Ли Сянь Лун менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптардын ортосунда Өзбекстан-Сингапур инвестициялык компаниясын түзүү боюнча меморандумга жана 7 келишимге кол коюлду. Иш сапарынын алкагында Мирзиёев Ли Куан Ю атындагы коомдук дипломатия мектебинде болду жана өлкөнүн алдыңкы ишкерлери менен жолугушту. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү эки эсеге өстү.

Өткөн аптада Түркмөнстанга маанилүү иш сапарлар жасалды. 18-январь күнү Татарстандын президенти Рустам Минниханов Ашхабад шаарына барды. Рустам Минниханов “Элдик Маслахаттын” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. 19-январь күнү Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Түркмөнстанга иш сапары менен барды. Премьер-министр Мишустин алгач Ашхабаддагы түркмөн-орус мектебине барып иликтөө жүргүздү. Андан соң Мишустин президент Сердар Бердымухамедов, “Элдик Маслахаттын” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Михаил Мишустин Түркмөнстан-Орусия бизнес форумуна катышты. Ашхабадда Орусия соода үйү ачылды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери өткөн жумада чет өлкөгө маанилүү иш сапарларды жасашты. Бул иш сапарлар негизинен экономикалык өңүттө болду. Ушундай иш сапарлар аркылуу түрк республикалары инвестиция тартууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар