Адилжеваз аса таягы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-22

1940041
Адилжеваз аса таягы

Адилжеваз аса таягы

Катталган күнү: 22.04.2019

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы Ван көлүнүн жээгинде жайгашкан Битлис шаарынын Адилжеваз районунун атынан аталган «Адилжеваз аса таягы», Адилжеваз айылына кызмат көрсөтүү коомунун кайрылуусу менен 2019-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Кары адамдар күнүмдүк колдонгон жана туристтик максатта болуп эки түрдө жасалган таяктын чийки заты аймакта атайын өстүрүлгөн жаңгак дарактары болуп саналат. Өндүрүштө колдонула турган жаңгак дарагынын өзгөчө бутак чекитинин аз болушу абдан маанилүү. Аса таягындагы оймо-чиймелер тарыхый имараттарда кездешүүчү Урарту, Селжук жана Осмон мотивдерин колдонуу менен атайын долбоорлонуп, аса чеберлери тарабынан муундан-муунга чейин жеткирилген. Жыйырма бештен ашык түрү бар эбру, алтын жалатуу жана миниатюралык оюмдар Адилжеваз асаларында гана кездешип, асанын тулкусу оюу, боёо жана күйгүзүү ыкмалары менен кооздолот. Толугу менен колго жасалган Адилжеваз таягы күнүмдүк колдонуу үчүн адамдын салмагын көтөрө тургандай калың болот, ал эми туристтик максатта чыгарылса ичке жана өзгөчө дизайнга ээ болот.



Тектеш кабарлар