Евразия аймагындагы маанилүү окуялар

Евразия күндеми-18

1925377
Евразия аймагындагы маанилүү окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда өткөн аптада Евразия аймагында болгон маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Түрк Республикаларынын келечеги үчүн абдан маанилүү бир окуя болду. Казакстан менен Өзбекстан союздук келишимге кол коюшту. Үстүбүздөгү жылдын 21-22-декабрь күндөрү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик иш сапарын жасады. Касым Жомарт Токаевди Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев аэропорттон өзү тосуп алды. Болуп өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин “Өзбекстан-Казакстан биримдик келишимине” жана “Өзбекстан-Казакстан мамлекеттик чек арасын чийүү боюнча келишимге” кол коюлду. Ташкентте эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 17 келишимге кол коюлду. Президенттер биргелешкен долбоорлордун ачылыш аземине катышышты. Эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комитеттерди түзүү чечими кабыл алынды. Иш сапардын алкагында 21-декабрь күнү Өзбекстан-Казакстан аймактар ​​аралык бизнес форуму болуп өттү. Чыгышта Өзбекстан менен Казакстан, Батышта Азербайжан менен Түркия бири-бири менен тыгыз кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Бул абал Түрк Мамлекеттер Уюмунун жана жалпы эле Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшүнө чоң салым кошот.

20-декабрь күнү Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жыйында уюмдун иштери талкууланды. Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезектеги 10-саммити 2023-жылы Казакстанда өтөт.

Түркия менен Кыргызстандын президенттери 18-декабрда Дүйнө футбол турниринин финалдык беттеши үчүн барган Катарда жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерге тиешелүү ар кыл маселелер талкууланды.

Түрк мамлекеттеринин күчтөнүшү кээ бир өлкөлөрдү тынчсыздандырууда. Кремлдин администрациясы былтыр Татарстандын президентинин “президент” титулун колдонушуна тыюу салган. Татарстан Республикасынын парламенти болсо «президенттин» ордуна орусча «глава» титулунун колдонулушун четке кагып, «глава-раис» титулун колдонууну сунуштады. “Раис” термини араб өлкөлөрүндө өлкө башчысы үчүн колдонулат.

Өткөн аптада Евразия аймагында орун алган окуялардын арасында Сауд Арабияга байланыштуу окуялар өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Мисал үчүн 18-декабрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Азербайжан-Сауд Арабия өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын теңтөрагасы, Сауд Арабиянын Инвестиция министри Халил бин Абдулазиз башында турган Сауд Арабия делегациясын кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелер талкууланды.

19-декабрь күнү Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Ашхабадда Сауд Арабиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Ферханды кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин ар кыл маселелери талкууланды. Тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен кеңешме жыйынын өткөрдү жана Сауд Арабиянын элчилигинин жаңы имаратын ачты.

21-декабрь күнү Грузиянын Премьер-министри Ираклий Гарибашвили Сауд Арабияга иш сапары менен барды. Премьер-министр Гарибашвили Эр-Риядда мураскор канзаада Мухаммед бин Салман менен жолугушту. Жолугушууда экономика, туризм, транспорт жана инвестиция тармагындагы эки тараптуу мамилелердин абалы талкууланды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн апта Түрк Республикалары үчүн абдан жемиштүү болду. Казакстан менен Өзбекстан тарыхый союздук келишимге кол коюшту.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар