Буларды билесиздерби?

Помидордун Анадолуга келиши.

1921492
Буларды билесиздерби?

 

Помидор өндүрүүдө дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн бири болгон Түркиянын помидор менен абдан кеч таанышканын билесиздерби?

Мекени  Түштүк жана Борбордук Американын батышындагы бийик тоолор болгон помидор Американын ачылышынан кийин 400 жылдын ичинде бүткүл дүйнөгө жайылат жана эң көп өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн бири болот.

Помидор Европага декоративдик өсүмдүк катары алып келинет. Кызыл түстөгү мөмөлөрүнүн уулу экендиги ойлонулгандыктан 16 – кылымга чейин ашканада колдонулган эмес. Осмон империясынын ашканасына кириши үчүн 200 жыл дагы өтүшү керек эле. Анадолуда помидор тууралуу биринчи каттоолорго сарайдын 1723 – жылдагы чыгаша каттоолорунда кездешилген. Осмон империясынын ашканасына кирген биринчи помидорлор алчага окшоп, «чери» помидор деп аталган. Адегенде «червиль алмасы» деп аталган жана быша электе колдонулган помидор кызарганга чейин сорпо жасалып, туздалып дасторкондон орун алат. Түсү кызара баштаганда бузулду деп таштандыга ташталган. Кызарып бышкан помидор 19 – кылымда колдонула баштайт. Помидор Осмон империясынын ашканасынын баш тартылгыс продукцияларынын бири болот.

Осмон империясынын сарайында таштандыга ташталган кызыл помидорлорду эл чогултуп, желе турган абалга алып келүү үчүн эзип туз менен аралаштырышат.  Туура экендиги далилденбесе да томаттын түрк ашканасына  ушундайча киргендиги айтылууда.

Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин Адана жана Фракияда башталган помидор өндүрүшү кыска убакытта Түркияга жайылды. Азыркы күндө помидор  түрк ашкана маданиятынын баш тартылгыс элементи жана Түркия дүйнөнүн эң көп помидор өндүргөн өлкөлөрүнүн бири.

 



Тектеш кабарлар