Белгилүү түрколог Ахмет Бижан Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-7

1917462
Белгилүү түрколог Ахмет Бижан Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү уктуруусунда белгилүү түрколог Ахмет Бижан Эржиласун жана анын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

80 жаштын кырына келип калган белгилүү түрколог Ахмет Бижан Эржиласун  1943-жылдын 8-февралында Измир шаарында дүйнөгө келген. Ал Стамбул университетин 1967-жылы ийгиликтүү аяктаган соң өмүрүн түркологияга арнаган. Эрзурум, Лефкоша, Бишкек жана Анкара шаарларындагы ар кыл университеттерде студенттерге дарс окуган. 1993-2000-жылдары Анкара шаарында жайгашкан Түрк тил коомунун жетекчиси кызматын аркалаган. Эржиласун 2001-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде конок профессор катары эмгектенген. Ардактуу эс алууга чыккан Эржиласун ушул тапта Анкара Хажы Байрам Вели университетинде студенттерге билим берүүнү улантууда.

Ахмет Бижан Эржиласун кыргыз таануунун бир нече багыты боюнча өз пикирлерин билдирип жана изилдөөлөрүн жасап келе жатат. Анын кыргыз тили, кыргыз тарыхы, кыргыз эпостору, Жусуп Баласагын жана Махмуд Барсканинин эмгектери боюнча илимий изилдөөлөрү бар.

Ал 1979-жылы “Кут алчу билимде этиш” аттуу доценттик монографиясын даярдаган. Эржиласун Жусуп Баласагындын эмгегин Түркияда мыкты изилдеген илимпоздордун бири болуп саналат. Ал Махмуд Барсканинин “Дивани лугати түрк” китеби боюнча эки көлөмдүү китеп жарыялаган.

Эржиласун кыргыз алфавитинин латын арибине өтүшүн жактап, бул багытта алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырган. Бул маселе боюнча көптөгөн эмгектер жарыялаган. Мындан сырткары 1990-91-жылдары Түркияда түрк калктарынын орток сөздүгүн иштеп чыгуу долбоорун жетектеп, эки томдук көлөмдүү сөздүктү басмадан чыгарган.

Ахмет Бижан Эржиласун Түркияда заманбап түрк тилдери кафедраларынын университеттерде ачылышына чоң салым кошкон. Башкача айтканда Түркияда кыргыз тили боюнча адистердин даярдалышына себепкер болгон инсандардын бири десек жаңылышпайбыз.

Эржиласун Кыргызстанда бир жыл студенттерге дарс окугандан сырткары Түркияда кыргыз тааануу жаатында магистрдик жана доктордук илимий иштерди даярдаган бир канча магистрант жана докторантка жетекчилик кылган. Мисалы, “Памир (Афганистан) кыргыздарынын тили”, “Кыпчак жана кыргыз тилдеринин салыштырылышы”, “Түрк жана кыргыз тилдеринин сөз группалары боюнча салыштырылышы”, “Кыргыз-казак-каракалпак тилдеринде ат атооч”, “Ак Мөөр эпосунун транскрипциясы, котормосу, грамматикалык индекс” жана “Кут алчу билимдин тексттик-лингвистикалык түзүлүшү” аттуу илимий изилдөөлөр Эржиласун агайдын илимий жетекчили астында жүзөгө ашырылган.

Эржиласундун жолун жолдоп илимдин жолуна түшкөн тарыхчы уулу Профессор Конуралп Эржиласун жана тарыхчы келини Профессор Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун кыргыз тарыхынын ар кыл маселелери боюнча көптөгөн эмгектерди кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жарыялашкан.

Жыйынтыктап айта турган болсок, белгилүү түрколог Ахмет Бижан Эржиласун кыргыз тили, тарыхы, маданияты, Жусуп Баласагын жана Махмуд Барсканинин илим дүйнөсүнө таанылышына албан салым кошкон илимпоздордун сап башында тургандардын бири болуп саналат.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Ercilasun, Ahmet Bican, Bugünkü Türk Alfabeleri, Kültür Bakanlığı Yayınları, Ankara, 1977, 1. Cilt: 8+249 s. 2. Cilt: 8+266 s.

Ercilasun, Ahmet Bican, Kutadgu Bilig'de Fiil, Gazi Üniversitesi Yayınları, Ankara, 1984, XII+196 s.

Ercilasun, Ahmet Bican, Örneklerle Bugünkü Türk Alfabeleri, Kültür Bakanlığı Yayınları, 2. baskı; Ankara 1989;3. baskı: Ankara 1990; 4. baskı: Ankara 1993; 5. baskı: Ankara 1996, XVII+301 s.

Ercilasun, Ahmet Bican, Karşılaştırmalı Türk Lehçeleri Sözlüğü (ortak), Kültür Bakanlığı Yayınları, 1. Cilt: Kılavuz Kitap, Ankara, 1991, XIV+1183 s.; 2. Cilt: Dizin, Ankara, 1992, 502 s.

Ercilasun, Ahmet Bican, Ziyat Akkoyunlu, Kâşgarlı Mahmud - Dîvânu Lugâti’t-Türk Giriş-Metin-Çeviri-Notlar-Dizin, Türk Dil Kurumu Yay., Ankara 2014, 995 s.

Ercilasun, Ahmet Bican, Dîvânu Lugâti’t-Türk’teki Şiirler ve Atasözleri, Bilge Kültür Sanat. İstanbul 2020.

Ercilasun, Ahmet Bican, “Kırgızlar Kimlerin Torunu?”, Makaleler, Akçağ, Ankara, 2007, s. 602-606.

 

 



Тектеш кабарлар