Булдан кездемеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-13

1914058
Булдан кездемеси

Булдан кездемеси

Катталган күнү: 27.01.2010

Түркиянын Эгей аймагындагы өнөр жай шаары Денизлинин Булдан району өзгөчө колго токулган буюмдары менен белгилүү. Райондун аты менен аталган жана тарыхы кылымдарды карыткан «Булдан кездемеси» Булдан Соода палатасынын кайрылуусу менен 2010-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Булдан кездемеси – өтө жука жиптен жасалган, терди сиңирүү өзгөчөлүгүнө ээ болгон жана «бүйрүлгөн кездеме» деп да аталган токума кездеме болуп саналат. Булдан кездемесин өндүрүүдө колдонулган жибек, жүн же кебез жиптери жуулуп, боёлуп, кургатылып жана таңуу процесстеринен өткөн соң даяр болот. Бул процесстер аяктагандан кийин жиптер ийрилет жана «бүйрүлгөн жипке» айланат. Ийрилген даражасы кездеменин колдонуу аянтын да аныктайт. Булдан кездемеси токумасында түрк саймаларынын мотивдери бар жана жоогазын, гвоздика сыяктуу гүлдөр өзгөчө тандалат. Негизинен ак фондо саймаланган мотивдерде түс катары кызыл, көк жана сары түстөр тандалат. Токулган Булдан кездемеси ысык самындуу сууга жуулгандан кийин туурасынан кичирейип өзүнө мүнөздүү бырыштуу түзүлүшкө ээ болот.



Тектеш кабарлар