Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң көп зыярат кылынган өлкөлөрүнүн арасында Түркиянын алтынчы орунда экендигин билесиздерби?

1911382
Буларды билесиздерби?

 

БУУнун Дүйнөлүк туризм уюмунун статистикаларына караганда Түркия 45 миллиондон ашуун зыяратчы саны менен  дүйнөдө эң көп  зыярат кылынган өлкөлөрдүн арасында орун алууда.

Тарыхый жана маданий байлыктары менен көңүлдөрдү бурган  Түркияга жыл сайын Кытайдан, Россияга, Германиядан Ирландияга, Түштүк Кореядан Японияга 100дөн ашуун өлкөдөн миллиондогон киши келүүдө. Үч чоң империяга борбор шаар болгон, эки континентке жайылган дүйнөдөгү бир гана шаар болгон Стамбул ; көгүлтүр деңизи, алтын кум менен капталган жээктери, табигый кооздуктары менен Анталья жана Мугла;  архитектурасы жана тарыхы менен Эдирне дүйнөдө эң көп турист келип көргөн биринчи 100 шаардын ичинде орун алууда.

Түркияда жайкы туризмден кыш спортторуна, табият, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо жана конгресс туризмине чейин туризмдин бардык тармактарында иш алып барылууда.

Ошол эле учурда кереметтүү тархый казынасы болгон, байыркы доордон күнүбүзгө чейин көптөгөн цивилизация  жаралган Түркия ичиндеги маданий байлыктары жактан дүйнөдөгү сейрек өлкөлөрдүн бири. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесинде да Түркиядан 17си маданий, экөөсү аралаш болгон 19 мурас аянты бар. Дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесинде Түркиянын 77 маданий, 4 аралаш жана 3 табигый мурастар орун алууда.



Тектеш кабарлар