Байбурт сүт бөреги

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-12

1912061
Байбурт сүт бөреги

БАЙБУРТ СҮТ БӨРЕГИ

Катталган күнү: 11.01.2021

Сүт Бөреги – Түркиянын Кара деңиз жана Чыгыш Анадолу аймактарынын кесилишиндеги Байбурт шаарына таандык болгон, филло камыры менен даярдалган жана үстүнө сүт шербети куюлган десерттин бир түрү. Байбурт муниципалитетинин кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кошулган. Бөректи жасоо үчүн сүт, май, жумуртка жана ун кошулган камыр колдонулат. Тыныктырылган камырды ортосуна крахмал салып, 15 жука филло түрүндө жайып алабыз. Көмөчкө салынган филло камырынын ортосуна куурулган фундук себелеп, үстүнө сары май куюлат жана чоң үч бурчтук кылып кесип 1800 градуста ысытылган духовкага 20-25 мүнөт бышырылат. Духовкадан чыккандан кийин камырдын ашыкча майы төгүлөт. Ал арада сүт менен кумшекерди аралаштырып шербет жасап, бир аз муздагандан кийин камырдын үстүнө куябыз. Байбурт сүт бөреги кытырак, бирок өтө катуу жана өтө жумшак да эмес, бети ачык кызгылт, ичи саргыч-ак болот. Аймакта өзгөчө майрамдарда, тойлордо, чакырууларда берилет.



Тектеш кабарлар