Түрк мамлекеттер уюмунун саммити

Евразия күндеми-11

1907527
Түрк мамлекеттер уюмунун саммити

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Самарканд шаарында болуп өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун саммити тууралуу сөз кылабыз.

Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрь күндөрү Самарканд шаарында «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы өнүгүү жана өркүндөөгө карай бирге» темасынын алдында өттү. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Венгриянын, Түркиянын жана Түркмөнстандын лидерлери катышты.

Саммитке катышуу үчүн 10-ноябрда Самаркандга келген лидерлер өз ара эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүштү. Мисалга алсак, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Өзбекстандын Президенти Түркиянын Президенти Эрдоганга жогорку даражадагы «Имам Бухари» сыйлыгын тапшырды.

Түрк мамлекеттер уюмунун саммити 11-ноябрm күнү болуп өттү. Саммитке Түрк республикаларынын лидерлеринен тышкары түрк дүйнөсүнүн өнөктөш уюмдары болгон Түрк мамлекеттери уюмунун, ТҮРКСОЙдун, ТүркПАнын, Эл аралык Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун башкы катчылары да катышты.

Саммиттин соңунда Самарканд декларациясы кабыл алынды. Уюмдун беш жылдык стратегиясы бекитилди. Саммитте кабыл алынган эң маанилүү чечимдин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын уюмга байкоочу катары кабыл алынышы болгонун баса белгилей кетели. Ошентип Түрк республикалары Түндүк Кипр Түрк Республикасынын расмий таанылышы үчүн биринчи кадамды ташташты. Мындан тышкары соода, экономика, транспорт, бажы жана санариптештирүү тармактарында келишимдерге кол коюлду.

Саммитте Самарканд шаары Түрк дүйнөсүнүн цивилизациясынын борбору деп жарыяланды. Азербайжандын Шемахи шаары 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болуп тандалды. Түрк мамлекеттеринин орток алфавитти колдонушу боюнча макулдашууга жетишилди. Өзбекстан ТҮРКСОЙго толук кандуу мүчө болуу процессин аяктады.

Уюмдун жаңы башкы катчысы болуп Кыргызстандын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев шайланды. Түрк мамлекеттер уюмуна караштуу жаңы түзүлгөн «Түрк инвестиция фондунун» президенти болуп мурдагы башкы катчы Багдад Амреев дайындалды. «Түрк инвестиция фондунун» түзүлүшү уюмдун келечеги жана Түрк дүйнөсүнүн интеграциясы үчүн өтө маанилүү. Самаркандда өткөн саммитте Эл аралык түрк академиясынын президенти болуп Шахин Мустафаев дайындалды.

Түрк мамлекеттер уюмунун «Алишер Навои» атындагы сыйлыгы Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Сыйлыкты Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров алды. Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Түркмөнстан Халк Маслахати Милли Генгешинин төрагасы Гурбангули Бердымухамедов түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку сыйлыгы» менен сыйланышты.

Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Саммитте сүйлөгөн өз сөзүндө медианын күчүн биргелешип пайдаланууну жана Астанада уюмдун санариптештирүү борборун түзүүнү сунуштады. Бул тармактарда Түрк мамлекеттер уюмунун жетекчилига алдында долбоорлор иштелип чыкмакчы.

 Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Саммитте Түрк республикаларынан тышкаркы өлкөлөрдө жашаган түрк тектүү элдердин укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Чындыгында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган түрк элдеринин эң чоң коргоочусу Түрк мамлекеттери уюму жана уюмга мүчө мамлекеттер болушу керек.

Жыйынтыктап айтканда, Самарканд шаарындагы Түрк мамлекеттер уюмунун саммити ийгиликтүү жыйынтыкталып, саммитте түрк республикаларынын келечегине байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар