Терроризм жана пропаганда

SETAнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу Проф.Д-р Мурат Йешилташтын темага карата баалоосун сунуштайбыз...

1901895
Терроризм жана пропаганда
esed lafarge.jpg
lafarge kamyon.jpg
lafarge belge.jpg

Терроризм жана пропаганда

ПКК террордук уюму жана ага байланыштуу эсептер бир нече күндөн бери Түркиянын террористтерге каршы химиялык курал колдонгону тууралуу жалган кабарларды массалык маалымат каражаттарында жайылтууда. Түркиядагы кээ бир оппозициячыл топтор жана фигуралар да бул калпты кабыл алып, аны кайталоосу террор жана үгүт маселесин кайра кароону зарыл кылууда. Терроризм пропагандасыз жашай албайт.

 SETAнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу Проф.Д-р Мурат Йешилташтын темага карата баалоосун сунуштайбыз...

Бирок Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентаризациясында химиялык курал жок. Бир тараптан ТККнын ушул күнгө чейин эч бир операциясында химиялык курал колдонгонуна далил жок. Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУУА) менен жүргүзгөн операцияларында да жарандардын зыян тартпашы үчүн кылдаттык менен операция жүргүзгөн ТККнын химиялык курал колдонуусуна муктаждык жок.

Бул жерде таң каларлык нерсе, террор уюму да, өлкө ичиндеги кээ бир «оппозициялар» да, кээ бир тыштагы топтор да ар тараптан ачык көрүнүп турган мындай «кабарлардын» Түркияда жана эл аралык аренада дагы эле кабыл алынаарын ойлошу. Анткени акыркы беш жылда интернетте жөнөкөй бир изилдөө жүргүзүлгөндө, террордук уюм жана анын жактоочу эсептери тарабынан өлкө ичинде жана чет өлкөдө ар кандай даталарда террорго каршы операцияларында химиялык курал колдонулганы жөнүндөгү ондогон «жаңылыктарга» жолугууга болот.

Террордук уюмга берилген эл аралык байланыш, маалымат каражаттары жана пропагандалык колдоолорго карабастан, бул дооматтардын бирөөнү да баса белгилөө мүмкүн болгон жок, анткени дооматтардын чындыкка эч кандай тиешеси жок. Чындыгында, мындай дооматтардын дагы эле айтылып жатышы террордук уюм жана анын колдоочуларынын үгүт тармагында канчалык аянычтуу абалга келип калганын жана алардын үгүттөө жөндөмдүүлүгүнүн бүтүп баратканын көрсөтүүдө.

Химиялык куралга байланыштуу кабылдоону башкаруудан тышкары, фактыларды карап көрүү керек. Сирияда иш алып барган Лафарж (LaFarge) цемент заводу өткөн аптада АКШда «терроризмге көмөктөшүү» беренеси менен козголгон доо арызда кылмышты мойнуна алып, сот менен макулдашууга жетишкен. Бирок, абал жөн эле цемент компаниясынын террордук уюмга бекер бизнестин кепилдиги үчүн акча төлөп жатканында эмес.

Бул үчүн биз эскерүүлөрүбүздү бир аз жаңыртышыбыз керек. Сирия кризиси жана анын тутанткан гуманитардык трагедиясы 2011-жылы башталса да, эл аралык коомчулуктун Сирия кризиси боюнча чыныгы аң-сезими жана иш-аракети миңдеген сириялык ракеталардан жана химиялык куралдан набыт болгон миллиондогон сириялыктарга да, региондун өлкөлөрүндө баш калкалоого аргасыз болгон миллиондогон сириялыктарга да байланыштуу эмес.  Аң-сезим жана кийлигишүүлөр ДЕАШ террордук уюму Сириядагы кыргындардын сүрөттөрү менен алдыңкы планга чыккандан кийин башталды.

ДЕАШ аймакта таасирдүү болгон мезгилде LaFarge цемент заводу дагы көпкө чейин ишмердүүлүгүн уланта алды. Бул маселе ошол кезде көңүл бурганы менен, себеби толук түшүнүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө болсо АКШ сотунун чечими менен Лафарж ДЕАШка төлөмдөрдү жасаганын, башкача айтканда терроризмди каржылаганын мойнуна алды. Негизи бул моюнга алуудан мурда компаниянын ДЕАШ менен болгон карым-катнаштары талкууланган. Француз сот системасы да ЛаФарждын жогорку даражалуу жетекчилерине терроризмди каржылаган жана адамзатка каршы кылмыштарга шериктеш болгондугу үчүн тергөө иштерин баштаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкан эмес.

Бул жерде маселенин бир гана француз фирмасы эмес экендиги Анадолу агенттигинин (AA) ийгиликтүү кабарлоосу менен талкууланды. 2021-жылдын 7-сентябрында AA Лафарждын ДЕАШты каржылоосунун француз чалгындоосунун маалыматы менен ишке ашканын документтер менен ачыктады. Компаниянын француз чалгындоо кызматы менен кат алышуусу француз чалгындоосу бул мамиледен пайда көргөнүн жана ошондуктан ал мамилени үнсүз түрдө колдоп, жок дегенде тоскоол болбогонун көрсөтүп турат. Бирок, бул четке кагылгыс документтерге карабастан, компанияны айыпка жыккан Франциядагы же АКШдагы соттордо француз чалгындоо кызматкерлерине каршы эч кандай соттук кадамдар жасалган жок.

Бул жерде француз чалгындоосунун маалыматы менен Лафарждын ДЕАШ менен каржылык алака түзүп, коргоо жана атаандаштыкка каршы колдоо алган мезгилине өзгөчө басым жасалышы керек. Анткени бул мезгил да Түркиянын Сирия саясатына тоскоол болуу жана терроризмге каршы күрөшүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн ичтен жана сырттан абдан чоң кара пропаганда жасалган мезгил болчу.

Чындыгында ДЕАШты чет өлкөдө каржылаган жана ДЕАШка катышууну жактырган, жада калса көмөктөшкөн деген калптар (Франция басма сөзүндө да) тарап жатты. Бирок Сирияда ДЕАШ да болгон радикал уюмдар пайда боло баштаганда бул коркунучка көңүл бурган жана «шериктештерин» чара көрүүгө чакырган Түркиядан башка эч ким эмес эле.  Анын үстүнө Түрк куралдуу күчтөрү башка күрөш ыкмалары менен бирге талаада ДЕАШка каршы күрөшкөн жалгыз күч болду.

Ошондуктан Түркиянын ДЕАШ менен карым-катнаш түзгөнү жөнүндө кабылдоо операциялары уюшкандыкта жүргүзүлүп жатканда, чыныгы кызматташтыкты жана операцияны француз чалгындоосунун кылганы далилдери менен ачыкка чыкты. АКШ баш болгон кээ бир мамлекеттердин терроризмге болгон мамилеси жана кызматташтыгы жарым-жартылай белгилүү. Балким келечекте башка мамлекеттердин террордук уюмдар менен болгон терең карым-катнаштары же ПКК/ЙПГнын Сирияда, өзгөчө Афринде курган бетон туннель тармагынын окуясы да ачыкка чыгат.

 

 

 



Тектеш кабарлар