Үчлер Орхан Булдуктун кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-4

1898181
Үчлер Орхан Булдуктун кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Кыргыз таануу» программасында түркиялык мыкты илимпоз Үчлер Орхан Булдук жана анын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз. 

Анкара университетинин профессору, жалпы түрк тарыхы боюнча адис Үчлер Орхан Булдук 1962-жылы 23-февралда Анкара шаарында туулган. Булдук 1984-жылы Анкара университетинин Тарых бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Ал 1987-жылы Профессор Мустафа Кафалынын жетекчилиги алдында «Деде Коркутта мамлекеттик түзүлүш» аттуу магистрдик ишин ийгиликтүү жактап, Анкара университетинде кенже илимий кызматкер болуп эмгектене баштаган. Үчлер Булдук ушул тапта да аты аталган университеттин Тил, тарых жана география факультетинде эмгектенүүдө.

Үчлер Булдук 2001-2004-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип, көптөгөн кыргызстандык студенттерди тарбиялаган. Ал университеттин Адабият факультетинин деканынын орун басары кызматын да аркалаган. Булдук Бишкекте эмгектенип жүргөндө Кыргыз илимдер академиясындагы арапча кол жазмалардын классификацияланышына салым кошкон, Кыргызстанда өткөрүлгөн илимий иш-чараларга жигердүү катышкан.  

Үчлер Булдук кыргызстандык шакирти Абдрасул Исаков менен биргеликте жалпы түрк тарыхы боюнча адис Бахаеддин Өгелдин эмгеектериндеги кыргыздар боюнча маалыматтарды чогултуп, талдап кыргыз жана түрк тилдеринде жарыялаган.

Профессор Булдук кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыздардын огуздар жана башка түрк тектүү калктар менен байланыштары боюнча мыкты илимий эмгектерди жазган. Мисалы, ал - Мамлекеттик бийликтин булагы катары огуз-кыргыз санжыралары жана Осмондуктар” аттуу макаланын автору.

 Үчлер Булдук «Манас» эпосу, кыргыз санжырасы, «Жеми үт-теварих» эмгегиндеги кыргыздар боюнча маалыматтар, Кытайдагы кыргыздардын тарыхы, Ферганадагы кыргыздар, Кыргызстандын архивдериндеги булактар боюнча илимий макалаларды жазып,  докладдарды жасап келе жатат. Аты аталган темалар боюнча Булдуктун жазган макалалары жана жасаган докладдары мактоого татыктуу. Ал “XIX кылымдын ортосунда кыргыздардын Чыгыш Түркстандын ички саясий иштерине катышуусу” деген макаласында Чыгыш Түркстандын тарыхындагы кыргыздарга тиешелүү барактар дагы деле толук бойдон тарых барактарынан орун ала электигин, бул теманын көптөгөн иликтөөлөрдү талап кылган темалардын катарында калып кеткенин баса белгилеген.

Үчлер Орхан Булдук Кокон хандыгы боюнча Ибрет тарыхын китеп кылып жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында көптөгөн жаш илимпоздор Кокон хандыгы жана Түркстан тарыхы боюнча илимий эмгек жазышкан. Бул жаш илимпоздордун катарында казакстандык Халида Девришева, кыргызстандык Абдрасул Исаков жана Тимурлан Оморов да бар. Үчлер Булдук Кыргызстанды “экинчи мекеним” деп атап, сүйгөн тарыхчылардын бири болуп саналат.

Программаны даярдагандар: Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Булдук, О. Үчлер. Кыргыздардын 19-кылымдын ортосунда Чыгыш Түркстандын ички саясий иштерине катышуусу// 1-Эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары. Улудаг университети жарыялары. Бурса 2017. 223-234-б.

Булдук, О. Үчлер. Деде коркут жана «Манас» эпосторунда мамлекет түзүлүшү// Международный конгресс востоковедов. Кыргызская государственност в системе Евразийских реалий. 5-6 ноябрь Бишкек 2003.

Булдук, О. Үчлер. Жеми үт-теварих жана Фергана тарыхы. XIX кылымдагы кыргыздар жана кыргыз мамлекеттүүлүгү боюнча тарыхый булак катары// История и перспективы изучения. Сборник международной конференции, посвяшенной 2200-летию Кыргызской государственности. Бишкек 2003, С. 98-103.

Булдук, О. Үчлер. Тагдырыбыз бөлөк тарыхыбыз бир элбиз// Аалам. 27, Бишкек 11.04.2003.

Булдук, О. Үчлер. Түрктөрдө мамлекет куруу салты// Түрк цивилизациясы жана мамлекеттүүлүк салты. Бишкек 2004, 101-117-б.

Hokand Hanlığı ve İbret’in Fergana Tarihi, Berikan Yay., Ankara 2006.

Bulduk, Üçler. “Bir Meşruiyet Kaynağı Olarak Oğuz Kırgız Şecereleri ve Osmanlılar”, CIEPO İnterim Symposium. The Central Asiatic Roots of Ottoman Culture, İstanbul 2014, s. 133-139.

Bulduk, Üçler. “Arşiv Belgelerine Göre Kazak-Kırgız Boy Beylerinin Rus İşgal Yönetimine Sundukları Arzlar/Mektuplar ve Düşündürdükleri”, XVIII. Türk Tarih Kongresi, 1-5 Ekim, Ankara 2018. 835-854.

Булдук, О. Үчлер. Бахаеддин Өгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тарых, санжыра, миф, дастандар)// (Абдрасул Исаков менен биргеликте), Энесей кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз каганат тарыхы жана кыргыз таануу маселелери» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары, 23.11.2018, Мурас фонду, Бишкек 2018. 178-187-б.

Булдук, О. Үчлер. Бахаеддин Өгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тил, маданият, музыка, айыл чарба)// (Абдрасул Исаков менен биргеликте), Түркияда кыргыз таануу. Ред. Гүлдана Мурзакулова. Бенгү басмаканасы. Анкара 2019. 163-184-б.

 

 



Тектеш кабарлар