Түрк республикалары тарабынан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында көтөрүлгөн көйгөйлөр

Евразия күндеми-5

1885357
Түрк республикалары тарабынан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында көтөрүлгөн көйгөйлөр

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында түрк республикаларынын лидерлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр жана берилген сунуштар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясы башталды. 20-26-сентябрь күндөрү БУУга мүчө мамлекеттердин башчылары жана делегацияларынын жетекчилери БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы жыйындарында кайрылуу жасашты. Казакстан, Кыргызстан жана Түркия республикаларынын президенттери 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөштү. Түрк республикаларынын лидерлери өз сөздөрүндө Украина согушу, чек ара көйгөйлөрү, аймактык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, БУУнун реформаланышы деген темаларга токтолушту. Нью-Йоркто түрк республикаларынын президенттери эки тараптуу маанилүү жолугушууларды да өткөрүштү.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Украина кризисин чечүү үчүн бардык аракетин жасаганын жана жасоону улантып жатканын, Дан коридору аркылуу глобалдык кризисти алдын алуу мүмкүн болгонун белгиледи. Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Кавказда тынчтыктын орношу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдаланылганын, мусулман уйгур түрктөрүнүн негизги укук жана эркиндиктеринин корголушуна аяр мамиле кылышканын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын расмий түрдө таанылышы керектигин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Париж келишимин колдошоорун билдирди. Мындан тышкары президент Эрдоган качкындар кризисине токтолуп, БУУнун реструктуризацияланышы керектигин баса белгиледи.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 19-21-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто болду. Президент Токаев БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө БУУну реформалоо керектигин, дүйнөдө өзөктүк куралды колдонуу коркунучу пайда болгонун, өзөктүк куралдан арылууну колдой турганын айтып, Эл аралык биокоопсуздук агенттигин түзүүнү сунуштады. Токаев Ооганстан элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Алматыда БУУнун аймактык борборун түзүү сунушун дагы бир жолу айтып өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстан менен чек араны тактоо иштерин бүткөрүү алдында турушканын, Тажикстан 14-16-сентябрь күндөрү Кыргызстанга ар тараптуу чабуул жасап, эки тараптуу келишимдерди бузганын, ушуга карабастан чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактай тургандыктарын билдирди. Президент Жапаров ошондой эле Борбордук Азиядагы аймактык интеграция жана транспорт тармактарын диверсификациялоо, жашыл экономика маселелерине токтолду.

22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Борбордук Азиянын жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин С5+1 жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Ооганстандын келечегине, аймактык жана эл аралык коопсуздукка, эки тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелер талкууланды.

 Венгриядан Чаба Короши БУУнун Башкы ассамблеясына төрагалык кылууда. Буга чейин төрагалыкты түркиялык Волкан Бозкыр аркалаган. Окуялардан байкалып тургандай эле, акыркы жылдарда Түрк республикаларынын БУУдагы жана эл аралык саясаттагы салмагы артууда. Бириккен Улуттар Уюму түрк республикаларынын лидерлери үчүн маанилүү саясий платформа болуп саналат. БУУнун реструктуризациясы түрк республикалары үчүн пайдалуу болот.

 



Тектеш кабарлар