Түркияда анчоус

Буларды билесиздерби-4/22-23

1884726
Түркияда анчоус

Хамси башкача айтканда анчоус

Түркияда анчоустун өзгөчө мааниге ээ балык экенин билесизби?

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгилүү болгон жана жактырылып тамактары жасалган хамси башкача айтканда анчоус Түркиянын Кара деңиз аймагында өзгөчө мааниге ээ. Түркияда Кара деңиз дегенде эң биринчи ойго келген нерселердин бири болуп саналат анчоус жана Кара деңиз эли үчүн баш тартылгыс азык булагы. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча аңчылык кылынса да, Кара деңиздегидей эч бир жерде жергиликтүү элдин турмушуна аралаша элек. Кара деңиз аймагында анчоус балыкчылар үчүн негизги киреше булагы гана эмес, символу да болуп эсептелет. Кара деңиздин эли, өзгөчө деңиз жээгинде жашагандар ырларда, макал-лакаптарда, айтыштарда б.а. жашоонун дээрлик бардык тармагында анчоусту колдонушат. Анчоус Кара деңиз элинин жашоосунда музыкадан адабиятка, фольклордон саясатка, экономикадан спортко чейин дем берүүчү булак.

Чыгыш Кара деңиз аймагында октябрдын экинчи жумасында балыкчылар дуба окуп, курмандык чалып бата кылып анчоус уулоо үчүн деңизге чыгышат. Түркиянын ар бир аймагында жактырылып керектелсе да, тамактарынын көбү Кара деңиз ашканасынын жана маданиятынын өзгөрүлбөс бөлүгү катары ушул аймакта жасалат. Духовкада анчоус, бууга бышырылган анчоус, көмөч анчоус, анчоус палоосу, анчоус шорпосу, анчоус котлеттери, анчоус салаты, анчоус пирогу, анчоус каттамасы, анчоус наны бул тамактардын кээ бирлери. Тамактан тышкары анчоус таттуусу, анчоус баклавасы, ал тургай, анчоус кыямы да бар. Кара деңиз маданиятында нике курагындагы кыздар анчоус менен палоо бышырганды билиши керек.

Кыскасы Түркияда анчоус кичинекей болгону менен маданияты чоң деп айтсак болот.



Тектеш кабарлар