Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити

Евразия күндеми-4

1884048
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити
Semerkant ŞİÖ-2.jpg
Semerkant ŞİÖ-10.jpg
şiö.jpg

Ардактуу угармандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 22-жыйыны Өзбекстандын Самарканд шаарында болуп өттү. Бул саммитке 14 өлкөнүн (Азербайжан, Беларусь, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия жана Түркмөнстандын) башчылары жана 10 эл аралык уюмдун (Түрк Мамлекеттери Уюму, ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, ЖККУ ж.б.) башкы катчылары катышышты. Саммитке конок катары чакырылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Самаркандга барбай калды.

15-сентябрь күнү кечке жуук лидерлер саммитке карата уюштурулган көчөт отургузуу аземине катышып, бейрасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

16-сентябрда ШКУ саммити тар жана кеңейтилген курамда “Жибек жолу Самарканд” эл аралык туристтик зонасындагы жыйындар борборунда өттү. Саммиттин алдында Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө болууга жол ачкан милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койду. Саммитте диалог боюнча өнөктөш статусу Кувейт, Бахрейн, Мальдив, БАЭ жана Мьянмага берилди. 14-сентябрда Египет жана Катарга ШКУга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү боюнча келишимге кол коюлган эле. Самаркандда Беларустун уюмга толук кандуу мүчөлүгү процессин баштоо боюнча чечим кабыл алынды.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган ШКУнун саммитине биринчи жолу катышты. Президент Эрдоган ШКУ менен бардык темалар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди. Владимир Путин: «Эрдоганды Самарканддагы саммитте көргөнүмө абдан кубанычтамын. Түркия ушул аймактын өлкөсү жана Түркиянын ШКУ менен кызматташууга кызыкдар болушу табигый нерсе деп ойлойм»,-деди.

Саммиттин аягында Самарканд декларациясы кабыл алынды. Декларацияда аймактык коопсуздук, Ооганстандагы кырдаал, өзөктүк куралсызданууну улантуу, пандемияга каршы күрөшүү сыяктуу маселелер орун алды. Саммиттин соңунда 44 келишимге кол коюлду.:

Саммиттин алкагында эки тараптуу келишимдер да түзүлдү. 14-сентябрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барган Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тет-а-тет форматындагы жолугушуусу болду. Бул жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосунда 18 келишимге кол коюлду. Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Шавкат Мирзиёев ШКУнун Самарканддагы саммитиндеги эки тараптуу жолугушууда толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюшту. Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда 15 келишимге кол коюлду. Кытай менен Өзбекстандын ортосунда жалпы суммасы 15 миллиард доллардык келишимдерге кол коюлганы жарыяланды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы 4 келишимге кол коюлду. Мындан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча келишимге аталган өлкөлөрдүн транспорт министрлери кол коюшту.

Жыйынтыктап айтканда, Өзбекстан ШКУга төрагалык кылууну жана Самарканд саммитин ийгиликтүү өткөрдү. Келишимдерден көрүнүп тургандай эле, Өзбекстан бул багыттагы иш аракетинин үзүрүн көрдү. Ушул жерде белгилей кетчү жагдай, уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитте Азербайжан-Армения кризисине, Кыргызстан-Тажикстан чек ара көйгөйлөрүнө көңүл бурбай коюшу, уюмдун аброюна шек келтирди.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар