Эрзинжан тулум сыры

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-3

1882347
Эрзинжан тулум сыры

Эрзинжан тулум сыры

Катталган датасы: 21.08.2000

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы Эрзинжандын атактуу тулум сыры 2000-жылы Эрзинжан соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн тизмесине киргизилген. Эрзинжан тулум сыры - ак жана каймак түстүү, оңой ушаланып кетпеген, оозго салганда өзгөчө даамы дароо сезилген орточо катуулуктагы сырдын бир түрү болуп саналат. Сырды өндүрүүдөгү негизги элемент Аккараман койлорунун апрель-сентябрь айларынын аралыгында саалган чийки сүтү болуп эсептелет. Сырды жасоо үчүн бир нече жолу чыпкаланган сүт 2 саат тыныктырылып, андан соң сүткө ширден ачыткысы кошулат. Ачытылган сүт бир сааттан кийин атайын чыпкаларга алынып кайра иштетилет. 50 килограммдык баштыктарга салынган сыр болжол менен 10 күн бою ылдый оодарылып суусу сарыктырылат. Андан соң майдаланган сырга Эрзинжандын Кемах районунан чыгарылган булак тузу кошулуп туздалат. Чүпүрөк баштыктарга салынып бекем бастырылган туздуу сыр, дагы 10 күн сарыктырылат. Акырында Эрзинжан тулум сыры эчки жана койдун терисинен жасалган чаначка престелип толтурулат жана муздак кампада сакталат. Сырдын жетилүү мөөнөтү болсо 4 айдан кем эмес убакытты талап кылат.



Тектеш кабарлар