Абдулкадыр Инандын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-2

1882379
Абдулкадыр Инандын кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында Түркия Республикасында алгачкылардан болуп «Манас» эпосун даңазалаган, башкырт-түрк айдыңы Абдулкадыр Инан тууралуу кеп салабыз.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн Түркияда өткөргөн башкырттардын көрүнүктүү айдыңы Абдулкадыр Инан, тагыраак айтканда Фатхелкадир Мостафа улы Сулейманов “Манас” эпосунун Түркияда жана батышта таанылышына зор салым кошкон илимпоздордун бири болуп саналат.

Абдулкадыр Инан 1889-жылдын 29-октябрында Башкыртстандын Чыгай айылында жарык дүйнөгө келген.  Инан алгач Чыгайдагы “Усулу жадид” мектебинде билим алган. Кийинчерээк билимин Троицкидеги “Расулие” медресесинде уланткан. Инандын калемине таандык макалалар 1908-жылдан тартып газета-журналдарда жарыялана баштаган. Инан 1915-жылдан тартып мектептерде мугалим болуп эмгектене баштаган. 1918-1920-жылдары Башкырстандын көз карандысыздык күрөшүнө жигердүү катышкан. Андан кийин Түркстандагы басмачылык кыймылында орун алган. Большевиктер өз бийлигин бекемдегенден кийинки мезгилде СССРден чыгып кетип, Иран, Ооганстан, Индия, Франция жана Алманияда болгон.

Инан 1925-жылдын жай айларында Түркияга келип, Стамбул шаарында жайгашкан Түркият институтунда эмгектене баштаган. 1933-жылы Түрк тили коомунун чакыруусу менен Анкарага келген. 1935-жылы чыгыш түрк тилдеринин профессору наамына ээ болгон. Ал Анкара университетинде да сабак берген. Абдулкадыр Инан 1976-жылы Анкарада каза болгон.

Инан 350дөн ашуун илимий макала жарыялаган. Анын Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим”, Махмуд Барсканинин “Дивану лугати түрк” эмгектери боюнча да олуттуу изилдөөлөрү бар.

Абдулкадыр Инан Түркияда алгачкылардан болуп “Манас” эпосу боюнча илимий изилдөө жарыялаган. 1934-жылы анын “Кыргыз тилинин мурастарынан ‘Манас’ эпосу” аттуу макаласы Стамбул шаарында түрк тилинде жарык көргөн. Негизи эле 1970-жылдарга чейин Түркияда Инан гана “Манас” боюнча илимий эмгектерди жарыялап турган. Кыргыз, орус, англис, немец тилдерин мыкты билгендиктен Абдулкадыр Инан “Манас” эпосу боюнча ошол мезгилдерде чет жерде жарыяланган эмгектерди, талкууларды басма сөз каражаттары аркылуу окуп турган. Инан изилдөөлөрүндө “Манас” эпосунун түрк калктарына тиешелүү эпостор арасындагы эң көлөмдүү жана фольклордук материалдарга бай экендигин баса белгилеген. Ал “Бүгүнкү күнгө чейин белгилүү болгон эпостордун арасынан «Манас» сымал байыркы элементтерге  жана сүрөттөөлөргө бай  башка эпос аныкталган эмес” деген.

Инан 1972-жылы алгачкы жолу “Манас” эпосун кара сөз түрүндө кыскартып түркчө китеп кылып жарыялаган. Бул китеп 1985-жылы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан кайрадан жарыяланган. Инандын бул эмгеги түрк калктарына тиешелүү эпостордун Түркияда жарыялана башташына себеп болгон.

Жыйынтыктай турган болсок, Түркиядагы “Манас” изилдөөлөрү дегенде алгач Абдулкадир Инанды эстейбиз. Инан “Манас” эпосу боюнча жалпысынан 13 эмгек жарыялаган. Анын “Манас” таанууга, эпостун Түркияда таанылышына кошкон салымы эбегейсиз зор болуп саналат.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Абдулкадыр Инан// Манас энциклопедиясы. 1-том. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек 1995.

Жумакунова, Гүлзура, Абдулкадыр Инандын “Манас” эпосу боюнча жазган эмгектери// Түркияда кыргыз таануу, Анкара: Бенгү, 2019. 185-194.

İnan, Abdülkadir, Manas Destanı, Ankara: Kültür ve Turizm Bakanlığı, 1985.

İnan, Abdülkadir, Manas Destanı, Başbakanlık Kültür Müsteşarlığı Türk Kültürü Kaynak Eserleri. İstanbul: Milli Eğitim Bakanlığı, 1972.

İsakov, Abdrasul, “Kırgızlar ve Kırgızistan Tarihi İle İlgili Türkiye’de Yayımlanmış Bilimsel Çalışmalar (1910-2009)”, Orta Asya ve Kafkasya Araştırmaları, 5(9), 2010, s. 101-131.

Isakov, Abdrasul, “Türkiyada “Manas” Eposu Boyunça Basılgan Emgekterdin Bibliyografyası (1934-2014)”, Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi (TEKE), 4(4), 2015, s. 1451-1479.

 

 



Тектеш кабарлар