Россия Украина согушунда жеңилип баратат

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсү.

1881205
Россия Украина согушунда жеңилип баратат

Путиндин февраль айында Украинага каршы баштаган согушу эми бир фиаского айланып баратат. Орус штабынын чалгындоо кызматы «чагылган операциясы» менен Киевди бир канча күндүн ичинде алып,  Зеленскийдин бийлигин кулатып, Украинаны өз карамагына алууну күтүп жаткан. Бирок сегизинчи айга кирген согушта орус армиясы сазга батып, оболу Киев, Чернигов жана Сумиден эми да Харьковдон толугу менен чегинүүгө аргасыз болууда.

Азыркы этапта аскердик күчтөр украин армиясынын пайдасына болуп, Россиянын эки гана альтернативдүү варианты бар. Россия же  Украинадан чыгып кетет, же толук мобилизациялык декларация менен бүт аскердик күчүн колдонуп, Украинаны басып кирүүгө аракет кылат.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

Россия Харьков линиясында акыркы бир нече күндүн ичинде 4 айда колго алган бардык аймактарды жоготту. Украина армиясы күтүлбөгөн чабуул баштап кыска убакытта орус армиясынын алдыңкы коргонуу линиясын жарып өттү жана стратегиялык жерлерди алууда ийгиликтүү болду. Зеленскийдин берген маалыматына караганда Украина  болжол менен 6 миң километр квадтаттык аянтты орустардан кайра алды. Россиянын  (визуалдык ырастоо менен) өтө оор унаа, техника жана аскерлерин жоготуусу көңүлдөрдү бурууда. Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүлөрүнөн айырмаланып, бул абалды пландуу чегинүү катары кароого болбойт, тескерисинче, Харьковдогу оор жеңилүүнүн бир көрүнүшү. Россия үчүн  Украина согушу алгачкы күндөрдө эле начар башталып, акыркы жоготуулар согуштун табиятынын да өзгөргөндүгүн, эми коргонууда Украинанын эмес, орус армиясынын экендигин бизге көрсөтүүдө.

Натыйжада Россиянын президенти Владимир Путин Украинаны басып алып өлкөсү үчүн чоң кумар ойноду жана кумарда жоготту. Путин орус армиясына «Чагылган операциясы» буйругун берип жатып, Киевдин кыска убакытта колго алынарын, Зеленскийдин лидерлигиндеги бийликтин кулай тургандыгын ойлоо менен аракет кылды. Бирок согуштун башында эле орус армиясынын «Чагылган операциясы» ийгиликсиз болду. Киевди колго алууга карата атайын күчтөрдүн операциясы катары жасалган аскердик аракет Украина армиясынын каршы аракеттери менен натыйжасыз болду. Андан кийин баскынчылыкка айланган орус кийлигишүүсү начар пландоо, башкаруу жана  материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун жетишсиздигинен улам артта калды. Айрыкча Киев, Чернигов жана Сумидеги оор жоготуулар менен бул аймактардан чегинүүгө аргасыз болду. Бул жерде өзгөчө Түркия берген ТБ 2 учкучсуз учуучу аппаттар жана батыштын танкка каршы жана Манпаддары да абдан таасирдүү болду. Орустар андан кийин түштүк жана чыгыш фронтторуна  көп көңүл буруп, көптөгөн айларга созулган согуш жана жоготуулардан кийин жарым  - жартылай ийгиликке жетишти. Херсон менен Донбасста алдыга жылды бирок кийинки айларда Украина армиясы оболу тең салмактуулукту андан кийин үстөмдүктү колго ала баштады. Бул жерде Россиянын Украинага каршы абада үстөмдүк кыла албашы, батыштан келген ХИМАРСтар менен оор куралдар менен албетте орус аскерлеринде мотивация кемчилиги согуштун багытын белгилегендей көрүнүүдө. Украина согушунда Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ Украина армиясына тынымсыз жаңы курал-жарак жана ок-дарылар менен колдоо көрсөтүп, орустар жоготууларын толук толтура албай жаткандай. Орус коргонуу өнөр жайынын ылдам жана жетиштүү өндүрүш кыла албагандыгы өзгөчө татаал курал системалары боюнча батыштык өлкөлөргө болгон көз карандылык таасирдүү болгон жана орус армиясын кыйнагандыгы бир чындык.

 Ошондуктан Украина согушу учурдагы шарттарда орустар үчүн  жакшы жолдо эмес жана Харьковдогу жеңилүү кырдаалды ого бетер оорлотту. Абал  Украин армиясынын пайдасына бурулуп, Путиндин алдында эки  жолу бардай.  Акырындап басып алуучу күчтөрүн чыгарып кетет, же толук мобилизациялоо менен бардык адамын жана өнөр жайын согушка буруп, Украинаны кыйратуучу аскердик күч менен басып алууга аракет кылат. Эки варианттын тең өзүнө таандык тобокелдиктери жана белгисиздиктери бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар