Фетхиедеги Өлүдениз

Буларды билесиздерби-2/22-23

1880836
Фетхиедеги Өлүдениз

Фетхиедеги Өлүдениздин дүйнөдөгү эң кооз пляж катары тандалганын билесизби?

Өлүдениз- Эгей аймагындагы Фетхиеге караштуу туристтик жер болуп саналат. Көгүлтүр түстөгү деңизи, ак кумдуу пляжы жана жаратылышка катылган тарыхый калдыктары менен Өлүдениз Түркиянын гана эмес, дүйнөнүн эң кооз эс алуучу жерлеринин бири. 2006-жылы "дүйнөдөгү эң кооз пляж" деп табылган Өлүдениз, ошол эле учурда Көк Лагун катары да белгилүү.

Тарыхы байыркы доорлордон башталган Өлүдениз, ликиялыктар мезгилинде «жарык жана күн аймагы», орто кылымда болсо «алыскы аймак» деп айтылган. Өлүдениз пляжы Көк желектин ээси, ал "сүзүү үчүн толугу менен коопсуз жана таза" дегенди билдирет. Аты сыяктуу тынч жана кыймылсыз көл сыяктуу көрүнгөн Өлүдениз, эң шамалдуу күндөрдө да тынчтыгын сактайт. Деңиз ушунчалык тынч жана абдан таза. Булак суулары менен байланышы, ачык деңиз агымы жана толкундардын таасири менен тынымсыз жаңыланып турган Өлүденизде эч качан булгануу болбойт.

Өлүденизде кыдырып көрүүгө жана катышууга боло турган көптөгөн иш-чаралар бар. Парапланчылардын популярдуу учуу пункту болгон Бабадагдын этегинде жайгашкан Өлүдениз, кереметтүү пейзаждары жана аба ырайы шарттары менен дүйнөнүн эң мыкты параплан аймактарынын бири болуп саналат. Укмуштуудай табияты, кемпингдери, треккинг жолдору, даамдуу тамактары, параплан менен учуу жана археологиялык жерлеринен улам сиз жылдын каалаган мезгилинде кыдыра аласыз.



Тектеш кабарлар