​​​​​​​Варикозду дарылоо

Шыпаа булагы-52

1874304
​​​​​​​Варикозду дарылоо

Варикозду дарылоонун табигый жолдору

Бүгүн биз варикозду дарылоонун табигый жолдору жөнүндө кеп кылабыз.

Варикоз – бүгүнкү күндө кеңири тараган жана эстетикалык жактан көйгөй жараткан оорулардын бири болуп саналат.

Варикоз – көп адамдарда кездешүүчү веноздук оору.

Варикозду табигый жолдор менен дарылоо ыкмалары:

1. Алма уксусу

Алма уксусун кебез чүпүрөктүн жардамы менен нымдап, варикозду табигый жолдор менен дарылоону баштай аласыз. Алма уксусуна малынган чүпүрөктү варикоздуу жерди ороп 30-35 мүнөт кармаңыз. Ал учурда буттарыңызды дене деңгээлинен өйдө карай сунуңуз. Ушундай позицияда 10-15 мүнөттөй күтүңүз.

Бул дарылоо ыкмасы 5 жума бою күнүнө 2 жолу колдонулушу керек.

1.Шалфей

Тамырлардагы сезгенүүнү азайтып процессти көзөмөлдөйт. Ошондой эле сезгенүүнүн жайылуу ылдамдыгын акырындатат.

1. Ат каштаны креми

Ат каштаны да сезгенүүнү азайтат жана диуретикалык касиетке ээ. Варикоздун пайда болушуна себеп болгон кан айлануу көйгөйлөрүн дарылоо үчүн колдонулат. Бул кремди жабыр тарткан жерге сырттан сүйкөсөңүз сезгенүүнү жана ооруну азайтып, кан тамырларыңыздын ден соолугун да жакшыртат. Варикозду дарылоодо биз табигый крем катары ат каштанынан жасалган кремдерди сунуштайбыз.

1. Эхинацея

Чай түрүндө даярдалат жана ичилет.

1. Петрушка суусу

Бир стакан кайнак сууга бир аш кашык жаңы үзүлгөн петрушканы салып 15 мүнөт демдеңиз. Аралашманы чыпкалап эртең менен ач карын жана түштөн кийин да бир стакандан ичүүгө болот.

 1.  Хвощ чайы

Бул чай веналардагы кан айланууну арттырат, ошондой эле сезгенүүнүн алдын алуу үчүн капиллярларды бекемдейт. Бир стакан ысык сууга бир аш кашык хвощту салып 10 мүнөт демдеңиз. Бул чайдан жумасына 3 жолу, күнүнө 2 стакандан ичиңиз.

1. Гамамелис

Табигый гамамелис чайы шишикти кетирүүчү жана кан айланууну колдогон диуретикалык касиетке ээ. Анын вазоконстрикциялоочу таасири капиллярларыңызды бекемдейт жана кандын кайра кайтуу агымын жеңилдеткен клапандардын функциясын калыбына келтирет. Бир стакан кайнак сууга бир чай кашык гамамелисти салып 10-15 мүнөт демдеңиз. Бул чайды 3 жума бою күнүнө 2 маал ичиңиз.

1. Холли

Бул өсүмдүк, тамырлардагы шишиктерди жана тыгындарды кетирүүгө жардам берет. Мындан тышкары, кан тамырларды бекемдөө үчүн абдан пайдалуу. Анын таасиринен пайдалануу үчүн күнүнө жок дегенде 100 мг керектөөгө болот.

1. Курамында флавоноиддер бар азыктар

Флавоноиддерди камтыган тамактарды ичкенде веналар күчтөнөт, айланасындагы ткандардын сезгениши азаят.

Мөмө-жемиштерден, цитрус өсүмдүктөрүнөн кызыл жүзүмдөр фалавоноиддердин булагы болуп саналат.

Жашылчалардан өзгөчө кызыл капустада, суусундуктардан көк чайда флавоноиддер бар.

1. Кызыл капуста

Кызыл капустанын жалбырактары кайнатылып, суусу муздагандан кийин варикоздуу бутка сүйкөлөт.

1. Имбирь

Имбирь - сезгенүүгө каршы таасирин көрсөткөн азыктадын бири болуп саналат. Ушул себептен улам, варикоздуу тамырларга имбирдин экстрактысын колдонуу кан айланууну көбөйтүү менен ооруну басаңдатууга жардам берет.

1. Сарымсак

Сарымсак сезгенүүнү кетирүүдө абдан эффективдүү. Ошого ылайык, майдаланган үч тиш сарымсак жана бир нече тамчы лимон варикоздун түсүн ачууга жардам берет.

1. Розмарин

Розмарин кан айланууну тездетүүчү таасирге ээ. Ошондуктан варикоздуу тамырларга сүйкөсө ооруну да басып, тамырдын шишигин да азайтат.

1. Ат куйругуөсүмдүгү менен капселла

1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык ат куйругу өсүмдүгүн кошуп, капкагын жаап жай отто 3 мүнөт кайнатыңыз.

1 стакан кайнак сууга бир чымчым (5-6 грамм) капселладан салып, ушундай эле жол менен 3 мүнөт кайнатыңыз.

Демделген чайды чыпкалап эртең мененки тамактан 2 сааттан кийин 1 стакан ичиңиз.

Капселла чайын болсо кечки тамактан 2 сааттан кийин 1 стакан ичсеңиз болот.

Эртең менен ат куйругу чайын, кечинде капселла чайын күнүгө ичип бир ай бою улантыңыз.

1 айдан кийин 2 жума тыныгуу берип, кайра 1 ай ушинтип ичиңиз.

Др. Мехмет Учардын “Шыпаа булагы” программасы.



Тектеш кабарлар