Түркия Сирия саясатын өзгөртөбү?

SETAнын Коопсуздук изилдөөлөр директору,жазуучу, Проф. Д-р. Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсү...

1872890
Түркия Сирия саясатын өзгөртөбү?
Erdoğan Putin Soçi.jpg
çavuşoğlu.jpg
suriye1.jpg

Түркия Сирия саясатын өзгөртөбү?

Бир нече жумадан бери созулган талкуулар жана билдирүүлөр Түркия Сирия саясатын өзгөртүүгө даярданып жаткандай таасир калтырууда. Президент Эрдогандын Украинадан кайтып келе жаткандагы билдирүүсү менен талкуулар жаңы өңүт алды. Президент Эрдоган: «Сирия менен мындан жогорку деңгээлде кадамдарды камсыз кылууну каалайбыз»,-деп айткан.

Сочидеги Эрдоган-Путин жолугушуусунан кийин бул билдирүүнүн жасалышы маңыздуу болду, анткени жолугушуунун негизги күн тартибин Сирия түзгөн, Путиндин Эрдоганга террор менен күрөшүүдө чечим катары Сирия башкаруучулугу менен жолугушууга ишарат кылганы айтылды. Бул Орусиянын позициясынын өзгөргөнүн билдирбесе да, акыркы билдирүүлөр Түркиянын «Асад бийлиги менен сүйлөшүү» чегинде Сирия саясатын өзгөртүүгө даярданып жатканын көрсөтүүдө.

SETA / Коопсуздук изилдөөлөр директору,жазуучу, Проф. Д-р. Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсүн сунуштайбыз...

Бул процессте төрт маанилүү маселе бар экенин көрө алабыз.

Биринчи маселе, албетте, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясынын алкагында тынчтык жолу менен чечим табуу процессинин улантылышы. Түркиянын азыркы позициясы аталган резолюцияда каралган жол картасына толугу менен берилген. Башкача айтканда, конституцияны жазуу, шайлоо өткөрүү жана убактылуу өкмөттү түзүү 2254-резолюциянын негизги элементтерин түзүп турат.  Ошондуктан Сирия башкаруусу менен карым-катнаш түзүү максаты бул чечим табуу процессин четтете албайт.

Экинчи маселе – терроризмге каршы күрөш. Адана келишиминин акыркы жылдарда көп айтылганын эске алсак, Дамаск менен Анкаранын ортосунда террор менен күрөшүү боюнча негизги тексттин бар экенин айтууга болот. Орусиянын Түркияны режимге багыттоо логикасы ушул негизги тексттин үстүнө курулган. Бирок ПККга каршы күрөштө Сирия режими менен жаңы шериктештикти кантип куруу керектиги азырынча так эмес. Ошондуктан саясат өзгөрүшү үчүн Түркия же режимдердин бири ПККга байланыштуу саясаттарында кеңири бир өзгөрүү жасашы керек болот. Бул жерде биз бир нече альтернативаларды айта алабыз. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары кыска мөөнөттүү чечимдерди чыгара ала турган маселелер.

Биринчиси, режимдин Түркия чек арасында жайгашкан ПККнын жайгашкан аймактарынан тазалоосу. Муну менен катар режим ПККны Манбиж жана Тель-Рыфат сыяктуу аймактардан чыгарууга мажбур болот. Муну ПККнын өз ыктыяры менен кабыл алышы күмөндүү көрүнөт. Андай болсо режим ПККнын эвакуацияланышын же мажбурлоочу элементтер менен куралсызданышын талап кылышы керек. Бүгүнкү көз караш менен караганда, режимдин жөндөмү жана мүмкүнчүлүгү да, ПККнын мындай бир ниети да жок. Башка бир ыктымалдык Түркиянын Сириянын Улуттук армиясы менен биргелешип режимдин колдоосу менен орток коркунуч ПККга каршы аскердик операция жүргүзүп, аны тазалоосу. Ошентип Түркиянын коопсуздук маселеси да чечилет жана режимдин ПККга каршы колу күчтөнөт. Мына дал ушул учурда режимдин ПККны Түркияга каршы колдонуу боюнча тымызын пландары ишке кирет. Башкача айтканда, Түркиянын ПКК маселесин жок кылуу үчүн Сирия башкаруусу менен жакындашуусу кыска мөөнөттө чечим чыгара албашы мүмкүн. Анткени ПККны ошол эле учурда Түркияга каршы колдонуудан тартынбаган Сирия башкаруусу бар.

Үчүнчү маселе убактылуу коргоо статусуна ээ болгон качкындардын Түркиядан Сирияга кайтарылышы. Бул эң татаал маселелердин бири жана качкындардын режимдин көзөмөлүндөгү жерлерине саясий бир чечимге келбей туруп кайтышын күтүү, акыркы он жылда качкындар маселесинен сабак албоо дегенди билдирет. Акыркы жылдарда режимдик аймакка кайтып келгендердин мамилеси эч кандай жүрөк жылытарлык эмес. Ливан менен Иорданиянын жана режимдин ортосунда диалогго эч кандай тоскоолдук жок болсо да, эки өлкөдөн тең кайтып келүүлөр өтө чектелген. Түркиядагы качкындардын Асаддын башкаруусу менен сүйлөшүү жолу менен гана режим аймагына кайтып келүүсүн камсыз кылуу бир топ кыйын көрүнөт. Андан да маанилүүсү, бул келишимди жол картасына байланыштырбастан алдыга жылдыруу башпаанек издегендер үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Режим чет өлкөгө чыккандарды «саткын» деп эсептеген, инфраструктурасы толугу менен талкаланган жана режимдин экономикалык күчү чектелүү чөйрөдө качкындарды кайра жөнөтүү кыйын иш.

Төртүнчү, балким эң маанилүү маселе – оппозициячылдардын абалы. Бул учурда Асад башкаруучулугунун оппозиция менен жарашуу үчүн койгон шарттарын кабыл алуу оппозиция үчүн багынып берүүдөн башка эч нерсе билдирбейт. Курал таштоо менен бүтүндөй аскердик жана саясий түзүлүштү жок кылуу аркылуу Асаддын башкаруусу менен бир үстөлгө отуруу мүмкүн эместей көрүнөт. Ал эмес Түркиянын да мындай абалды кабыл алышы мүмкүн эмес. Ошондуктан, Женевада үч жылдан бери келишимге келе албаган жана режимдин тынымсыз жараянын узартууга таянган стратегияны ээрчиген мисал турганда, оппозиция менен режимдин ортосунда жаңы байланыш түйүнүн түзүү кыйын болот. Болгондо да президент Эрдогандын «жогорку деңгээлде» деген билдирүүсү учурунда ЙПГ жана режим күчтөрүнүн Эль-Бабды ракеталар менен бутага алышы да режимдин оппозициялык аймактарга кандай караганынын көрсөткүчү. Экинчи жагынан, режимдин бул маселеде өтө максималист экени анык. Түркия түндүк аймактарынан чегингенге чейин мындай процессти баштоону каалабаган режим Түркиядан эң көп пайда алып, үстөлгө отургусу келет.

Оппозиция маселесин Идлибдин көз карашы менен караганыбызда иштин андан да татаал экенин дароо түшүнүүгө болот.

Мына ушундан улам акыркы билдирүүлөр Түркиянын Сирия саясатында стратегиялык өзгөртүү жасоонун ордуна көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы бир демилгени колго алууну каалап жатканын көрсөтүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар