Буттагы жагымсыз жытты кетирүү
Шыпаа булагы-50

Буттагы жытка каршы табигый сунуштар
Бүгүн биз буттагы жагымсыз жытка каршы табигый сунуштарды айтып беребиз.
1. Лимон ширеси
Бутуңузга кам көрүү үчүн тазикке бир стакан лимон ширесин куюңуз жана бутуңузду көмгөндөй жылуу суу толтуруңуз. Бул сууга бутуңузду 20 мүнөттөй малып отуруңуз.
1. Лимондун кабыгы менен тазалоо ыкмасы
Таза бутту лимондун кабыгы менен үзгүлтүксүз сүртүп, буттагы жыт көйгөйүн чечүүгө болот.
1. Эпсом тузу
Тазикке 1 чай кашык эпсом тузун салып, бир аз ысык суу кошуңуз. Бутуңузду бул сууга 30 мүнөттөй малыңыз. Андан кийин сүлгү менен кургатыңыз.
1. Упа
Упа - буттун жыты үчүн абдан жакшы табигый ыкмалардын бири болуп саналат. Буттун тердөөсүнө жол бербеген упа буттун кызарышын да алдын алат. Буттун ден соолугуна абдан оң таасирин тийгизет. Ошондой эле бутту нымдап, жыттан сактайт.
1. Үч майдын аралашмасы
• Лаванда эфир майы,
• Чай дарагынын эфир майы,
• Эвкалипт эфир майынан тазикке 10 тамчы тамызыңыз. Ага жылуу суу кошуп аралаштырыңыз. Бул сууга бутуңузду 20 мүнөттөй малыңыз.
1. Кара же көк чай
Тазикке 2 стакан демделген чай куюп, жылуу суу кошуңуз. Бул сууга бутуңузду малып 20 мүнөттөй отуруңуз.
1. Уксустуу суу
Уксустуу суу аралашмасы үчүн 2 чай стакан алма уксусун 1 литр сууга аралаштырып, бул сууга бутуңузду малыңыз.
1. Карбонат
Тазикке 1 литр суу куюңуз жана сууга 1 пачка карбонат кошуп аралаштырыңыз.
1. Жаңгак жалбырагы
2 аш кашык кургатылган жаңгактын жалбырагын 2 литр сууга кайнатып, бир аз муздагыча күтүңүз. Бул жылымык сууга бутуңузду жарым саатка малып отуруңуз.
Таасирин дароо көрүү үчүн 7 күн бою үзгүлтүксүз колдонсоңуз болот. Андан кийин 2 күндө бир жолу аткаруу керек. Анан 1 айга жумасына үч күн кылып кыскартабыз.
1. Шалфей жана жалбыз
1 аш кашык шалфейди 2 литр сууга демдеп, ага бир кашык жалбызды кошосуз. Бутуңуз бул сууда 15 мүнөттөй турса жыт кетет. Ар күнү кечинде же жумасына 4 жолу колдонсоңуз таасирин көрө аласыз.
1. Туз
Тазикке бутуңузду көмгүдөй ысык суу куюп ага тузду салып аралаштырыңыз, бутуңузду ушул сууга малыңыз жана чайкаңыз. Бул ыкманы аптасына бир жолу ишке ашырсаңыз болот.
1. Эфир майы аралашмасы
Жылуу сууга 8 тамчы жалбыз эфир майын, 8 тамчы тимьяндын эфир майын жана 1 аш кашык тузду салып, бутуңузду сууга 30 мүнөттөй малыңыз.
1. Крем рецеби
• 12 тамчы эвкалипт эфир майы,
• 1 чай кашык буудай урук майы,
• 1 чай кашык зайтун майы,
• 1 аш кашык бадам майы.
Булардын бардыгын көрсөтүлгөн өлчөмдө кара айнек бөтөлкөгө толтуруп аралаштырыңыз. Даярдаган кремиңизди жумасына 3 күн уктаар алдында бутуңузга сүйкөңүз.
Др. Мехмет Учардын “Шыпаа булагы” программасы.