Каллусту дарылоо
Шыпаа булагы-49

Каллуска карата табигый кеңештер
Бүгүн биз буттагы каллуска табигый сунуштарды айтып беребиз.
1. Жылуу суу
Жылуу сууга малуу ыкмасы болуп саналат. Бутуңузда же манжаларыңызда каллус бар болсо, 20 мүнөт бою жылуу сууга малыңыз. Андан кийин бул жерди акырын сүртсөңүз болот. Бул ыкманы жумасына 2-3 жолу кайталаңыз.
1. Ак уксус менен пияздын аралашмасы
Керектүүлөр:
• 1 чай стакан ак уксус
• 1 пияз
• 1 айнек банка
• Кебез
• Стрейч
Колдонуу:
Айнек банкага пиязды туурап салып үстүнө ак уксусту куюңуз. Аралашманы оозун жаап 8 саат тыныктырып коюңуз. Болжол менен 8 сааттан кийин аралашмага чоң кебезди малып, аны каллустуу жерге тийгизиңиз.
Алгач бул кебез менен каллустун тегерегин аарчыңыз, андан кийин кебезди каллустун үстүнө жаап ороп коюңуз. Бул ыкманы 10 күн аткарыңыз.
1. Алма уксусу
4 стакан сууга төрт аш кашык алма уксусун кошуп аралаштырыңыз. Бул аралашмага 20 мүнөттөй малып отуруңуз. Андан кийин каллустуу жерди сүртсөңүз болот.
1. Сарымсактуу зайтун майы
Керектүүлөр:
• 3 тиш сарымсак
• 2 аш кашык зайтун майы
• Стрейч
• Кебез
Колдонуу:
Сарымсакты бир идиштин ичинде майдалап эзиңиз. Майдаланган сарымсакты зайтун майы менен аралаштырууну унутпаңыз. Бул аралашма менен алгач каллустуу жерди тазалаңыз. Андан кийин аралашманы каллустун үстүнө коюп таңып коюңуз. Муну бир жума бою аткарсаңыз болот.
1. Кастор майы
5 аш кашык кастор майын жана 1 литр сууну аралаштырыңыз. Бул аралашмага каллустуу жерди малыңыз.
1. Помидор кабыгы
Керектүүлөр:
• Чоң помидор
• Бинт
Колдонуу:
Помидордун кабыгын каллустуу жерге жаап, түшүп кетпеши бинт менен ороп коюңуз.
1. Эпсом тузу
Жылуу суу куюлган идишке 2-3 кашык Эпсом тузун салыңыз. Каллустуу жерди ушул сууга малып жумшартсаңыз болот.
1. Ананас кабыгы
Керектүүлөр:
• 1 кичинекей ананас
• Стрейч
Колдонуу:
Ананасты кабыгынан ажыратыңыз. Кабыктын ички бөлүгүн, башкача айтканда сары жериндеги капталын каллуска басыңыз. Жок дегенде 7 күн аткарыңыз.
1. Чай дарагынын майы
Жылуу суу толтурулган идишке чай дарагынын майынан 2-3 тамчы тамызыңыз. Териңиз жумшарганга чейин каллустуу жерди сууда кармаңыз. Чай дарагынын майы абдан күчтүү май болгондуктан териңизди бул сууга максимум 15 мүнөткө малыңыз. Андан кийин жылуу суу менен чайкоо керек.
1. Ромашка суусу
Керектүүлөр:
• 1 литр суу
• Ромашка чайы же кургатылган ромашка
Колдонуу:
Болжол менен 1 литр сууга кургатылган ромашканы же ромашка чайын кошуңуз. Күн сайын бутуңузду ромашка суусуна 30 мүнөттөй малыңыз.
1. Банан кабыгы
Каллуска банандын кабыгын коюңуз.
1. Анжир ыкмасы
Анжирдин жашыл, бышпаган ширеси - кол жана буттардагы каллустарга эффективдүү даба. Дарылоо үчүн жашыл инжирди үзүп алгандан кийин ширесин сыгып, каллустуу жерлерге күнүнө үч жолу сүйкөңүз.
1. Лимон
Лимондун ширесин каллустуу жерге сүйкөп, кургатып коюңуз. Муну күнүнө жок дегенде үч жолу жасаңыз.
Же болбосо, бир аш кашык лимон ширесине эки кургатылган гвоздиканы салып 15 мүнөткө калтырыңыз. Андан соң гвоздикаларды алып, лимондун ширесин каллустуу жерге сүйкөңүз. Кургагыча күтүп кайра сүйкөңүз. Бул ыкманы күнүнө бир нече жолу кайталаңыз.
1. Сарымсак
Каллустуу жерге бир тиш сарымсакты сүртүңүз.
Же болбосо, эки тиш сарымсакты эзип бир аз уксус кошуңуз. Андан кийин бул аралашманы каллустуу жерине сүйкөңүз. Үстүнө кебезди коюп, бинт менен ороңуз. Эки-үч саат күткөндөн кийин бинтти алып ал жерди тазалаңыз. Бул процессти бир нече жума бою күн сайын кайталаңыз.
1. Сода жана лимон
Идишке жылуу суу жана 2 аш кашык лимон ширесин кошуңуз. Каллустуу жерди бул эритмеде 2 мүнөт кармаган соң сода кошуп коюңуз. Андан кийин дагы 5-10 мүнөткө калтырып каллусту сүртүңүз.
Др. Мехмет Учардын “Шыпаа булагы” программасы.