​​​​​​​Салмакты көзөмөлдөө

Шыпаа булагы-48

1865722
​​​​​​​Салмакты көзөмөлдөө

Салмакты көзөмөлдөөдө колдонулган өсүмдүктөр

Бүгүн биз салмакты көзөмөлдөөдө колдонулган өсүмдүктөрдөн кеп кылабыз.

Өсүмдүк жана өсүмдүк чайлары менен метаболизмиңизди тездетүүнүн негизинде сиз арыктоо жана майды эритүү процессин жеңилдете аласыз. Мындан тышкары розмарин майын, күнжүт майын жана лимондун кабыгынын майын май топтолгон жерлерге массаж түрүндө сүйкөсө болот.

1) Көк чай

Бул абдан күчтүү антиоксидант болуп саналат. Көк чайды үзгүлтүксүз колдонуу организмден токсиндерди чыгарат. Ушундайча шишиктерди кетирүү менен денедеги майды азайтат.

Чай аралашмасын даярдоо:

• 4 чай кашык көк чай,

• 4 чай кашык мата жалбырактары,

• 2 чай кашык тимьян,

• 2 чай кашык чалкан жалбырагы,

• 1 литр суу.

2) Корица

Кандагы кантты жөнгө салып, зат алмашууну да активдештирет. Табитти көзөмөлдөп, ток  алып жүрөт.

• Күкүм түрүндөгүсүн сүт же айранга кошуп ичсеңиз болот. Ушундай жол менен ичегилериңизди да иштетет.

• Демделген чайга күкүм түрүндө кошсоңуз чайга жагымдуу жыт берет.

• Корица таякчаларын болсо ичүүчү суу менен ичсе болот. Лимон, жалбыз, петрушка жана корица кошуп өсүмдүктөрдүн аралашмасын жасай аласыз.

 3) Петрушка

Петрушка күчтүү антиоксидант болуп саналат. Шишик көйгөйүн жок кылат жана майды эритүү үчүн колдонулат.

Аны ысык сууга демдеп чай түрүндө да ичсе болот.

Петрушка лимон аралашмасын даярдоо:

Бир тутам таза жана жаңы зүлгөн петрушканы бир стакан лимон ширеси жана бир стакан сууга кошуп робот менен майдалаңыз жана аны ичиңиз.

4) Мата жалбырагы

Ал токтоп калган метаболизмди активдештирүү менен арыктоо процессиңизди баштайт. Ошондой эле адамдын ток жүрүүсүн жана аз ачка болуусун камсыздайт.

Керектүүлөр:

• 1 аш кашык кургатылган же майдаланган мата жалбырагы

• 200 мл суу

Даярдоо:

Алгач 200 мл сууну, башкача айтканда 1 стакан сууну кайнатыңыз. Бул ысык сууга мата жалбырактарын кошуңуз. Жалбырактар 7-8 мүнөткө демделсин.

5) Розмарин

Шишикти жок кылуу жана арыктоо процессинде розмарин чайына артыкчылык бере аласыз. 1 чай кашык розмаринди ысык сууга демдеп, үзгүлтүксүз ичиңиз.

6) Кресс өсүмдүгү

Эртең мененки тамактарыңызда бир же эки тутам колдонуу менен пайда ала аласыз.

7) Чалкан

Ал шишикти жок кылат жана денедеги майларды эритет.

8) Имбирь

Бул заара айдагыч жана шишиктерди кетирүүгө жардам берет.

• Күкүмүн чөп чай түрүндө ичсе болот.

• Ичүүчү сууга лимон менен имбирди аралаштырып ичсеңиз болот.

9) Тимьян

Арыктоо процесси биринчи шишикти жок кылуу менен башталат. Андан кийин майдын эриши менен уланат.

• Тимьянды салаттарга татымал катары кошуп пайдасын көрө аласыз.

• Аны ысык сууга демдеп, чай түрүндө колдонуу менен дени сак арыктай аласыз.

10) Майоран

• Ичүүчү сууга майоран жана лимон кошуп денедеги майдын эришин тездете аласыз.

• Аны ысык сууга демдеп, чай катары да ичсе болот.

11) Жалбыз

Салаттарга, ичүүчү сууга, айранга кошуп чийки түрүндө колдонсо болот. Баардык тамактарга татымал катары да кошсо болот. Жалбыз адамды ток кармап, тамак сиңирүү системасын жөнгө салат.

12) Алча сабагы

Алчанын сабагын кургатып чай катары демдегенде ичеги-карындарды иштетет. Ичегилер тартипке келгенде арыктоо башталат.

Кургатылган алча сабагын банкаларга салып сактап, чай катары ичсеңиз болот.

13) Фенхель жана Хизер жалбырактары

14) Гвоздика чайы

Ысык сууга 2 даана гвоздиканы салып бир аз күтө туруңуз. Гвоздика суусуна 1 чай кашык бал жана 1 аш кашык алма уксусун кошуп аралаштырыңыз. Жакшылап аралаштыргандан кийин оозун жаап стаканга муздатыңыз. Бул аралашманы эртең мененки тамактан болжол менен 1 саат мурун ичиңиз жана 1 айдан ашпаган шартта күн сайын кайталасаңыз болот.

15) Корица жана имбирь чайы

Керектүүлөр

1 таяк корица, 1 тамыр имбирь, 1 чай кашык кара мурч, 1 литр суу, 6 даана кардамон, 2 гвоздика жана 1 чай кашык бал.

Даярдалышы

Кара мурч менен балдан тышкаркыларды идишке аралаштырып 3 мүнөт кайнатыңыз. Кайнап жаткан аралашмага бал жана кара мурч кошуп. Бул чайды күнүнө түштө жана кечинде 3-4 стакан ичсеңиз болот.

16) Имбирь чайы, липа жана шалфей чайы

17) Лимонграс чайы

Идишке 2 чай кашык лимонграссты салып кайнатыңыз. Капкагын жаап 2-3 мүнөт демдеп коёсуз. Демделгенден кийин 5 мүнөт муздаганча күтүңүз жана даяр болгон соң 1 чай кашык жалбызды кошуңуз.

18) Ак чай

Түшкү тамакта 2 стакан ак чай ичүү менен майдын топтолушунун алдын ала аласыз.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар