Буларды билесиздерби?

Дүйнөдөгү эң узун пляждардын бири Түркияда

1865263
Буларды билесиздерби?
caretta caretta  (1).jpg
caretta caretta  (8).jpg

Дүйнөдөгү эң узун пляждардын бири Түркияда экенин билесизби?

Түркиянын түштүгүндө, Хатай облусунун чектеринде жайгашкан Самандаг жээги 14 км узундугу менен дүйнөдөгү эң узун пляждардын бири. Түркиянын эң узун пляжы болгон Самандаг пляжы да коомдук пляж болуп саналат. Бул пляждагы деңиз кээ бир мезгилдерде бир топ толкундуу болсо да, өзгөчө күзүндө тынч болот.

Пляжга жакын жайгашкан Титус туннели көрүүгө татыктуу жерлердин бири. Биздин замандын 1-кылымда Рим империясынын тушунда курулган туннель адам колу менен жасалган биринчи узун туннель болуп эсептелет. Толугу менен тоого оюлуп жасалган туннелдин узундугу 1380 метр, бийиктиги 7 метр, туурасы 6 метр. Ал тоодон түшкөн суу портко таасирин тийгизбеши үчүн курулган. Деңиз тарабындагы туннелдин кире беришине жакын жерде көптөгөн аска мүрзөлөрү менен Бешикли үңкүрү жана андан ары маанилүү байыркы порт шаары Селевкия Пиерия бар.

Самандаг жээги жок болуп бара жаткан Челония Мидас (Chelonia Mydas) жана Каретта-Каретта (Caretta Caretta) деңиз ташбакалары үчүн дүйнөдөгү бир нече урук чачуучу жана көбөйүүчү аймактардын бири катары да маанилүү...



Тектеш кабарлар