Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу

Евразия күндеми-48

1860246
Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу
orta asya liderleri.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Isık-Göl 4.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Isık-Göl 2.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Кыргызстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 21-июль күнү Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Бул жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жолугушууда аймактык кызматташтык, Ооганстандагы кырдаал жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланды. Кыргызстандын президенти жыйында сүйлөгөн өз сөзүндө аймактык интеграциялык демилгелерди колдой турганын билдирди.

Ыcык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн жыйында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймактык орток телеканал түзүүнү жана социалдык медианы аймактык интеграция үчүн эффективдүү колдонууну сунуштады. Президент Токаевдин сунуштары бирдиктүү көз карашты, бирдиктүү түшүнүктү жана бирдиктүү саясатты калыптандыруу үчүн маанилүү болуп саналат. Ошондой эле Казакстандын президенти белгилүү казак айдыңы Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атада орнотулган айкелинин ачылышына катышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактык интеграциянын алкагында буга чейин жасалган иштерди айтып, беш өлкө биргелешип аймактык форумдарды, аймактык маданият күндөрүн жана башка иш-чараларды уюштуруусу керектигин баса белгиледи. Президент Мирзиёев экономикалык интеграция үчүн өлкөлөрдүн чек ара аймактарында эркин соода аймактарын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жыйында сөз сүйлөгөн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов транспорт тармагында биргелешип иштөөгө чакырды. Чыгыш-Батыш транспорттук байланышында да, Түштүк-Түндүк байланышында да Орто Азия республикаларынын мааниси күндөн-күнгө өсүүдө. Аймактагы беш республика тең маанилүү транзиттик өлкө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жолугушуунун соңунда лидерлер биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттери бул келишимге өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюшаары кабарланды. Мындан тышкары жолугушууда лидерлер “Жашыл күн тартиби” аймактык программасын жана 2022-2024-жылдары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасын кабыл алышты.

Түркмөнстан менен Тажикстандын аймактык интеграцияны тездетүүчү келишимге кол коюуну кийинкиге жылдыруусу бул мамлекеттердеги социалдык өнүгүү жана ички саясат процесстери коңшуларынан бир аз айырмаланарынан кабар берет. Бул нерсе аймактык интеграцияны кыйындатат.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда Борбор Азия аймагынын экономикасынын абалы да талкууланды. Орусияга каршы санкциялар аймактын экономикасына таасирин тийгизүүдө. Борбор Азия өлкөлөрү Батыш жана Орусия менен мамилесинде тең салмактуулукту сактоого жана Орусия-Батыш чатагынан экономикалык зыян тартпоого аракет кылууда. Аймак өлкөлөрү кризисти мүмкүнчүлүккө айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстандын президенти Жапаров Азербайжандын кийинки консультативдик жолугушууга ардактуу конок катары катышууну каалагандыгын билдирди. Бул нерсе Түркстан менен Кавказдын ортосундагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Чолпон-Атадагы жыйында Борбор Азиядагы аймактык интеграция үчүн маанилүү кадамдар жасалды. Дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөр Борбор Азия өлкөлөрүн жакынкы келечекте аймактык интеграцияга байланыштуу маанилүү чечимдерди кабыл алууга мажбур кылышы мүмкүн.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар