Түркиянын 48 жыл мурунку Кипр операциясы кантип тынчтыкты алып келди?

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жыл сайын 20-июль Тынчтык жана Эркиндик күнү катары белгиленет.

1857463
Түркиянын 48 жыл мурунку Кипр операциясы кантип тынчтыкты алып келди?

Түркиянын 48 жыл мурунку Кипр операциясы кантип тынчтыкты алып келди?

Аскердик операция кипрлик түрктөрдүн канын төккөн гректер колдогон геноциддик согушчандардын мизин майтарды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жыл сайын 20-июль Тынчтык жана Эркиндик күнү катары белгиленет.

Түркия 1974-жылы аралда болгон зордук-зомбулуктан кипрдик түрктөрдү коргоо үчүн кеңири масштабдуу аскердик кийлигишүү болгон Кипр Тынчтык операциясын баштаган күн.

Шаршемби күнү кипрдик түрктөрдү массалык кыргындан сактап калган жана аралдын эки жамааттык көз карандысыздыгын сактап, Кипрдин Грецияга кошулушунун алдын алган операциянын 48 жылдыгы белгиленүүдө.

Кипр Республикасы 1960-жылы 16-августта эки тең укуктуу коомдун негизинде түзүлгөн.

Түркия да, кипрлик түрктөр да республиканы биринчи күндөн тартып жылуу тосуп алышты, бирок Кипрдин рум президенти архиепископ Макариос республиканы Энозиске (Греция менен биригүү) карай жасалган кадам гана деп айткандан кийин баары тескери кетти.

Румдар 1963-жылдын 21-декабрында кипрдик түрктөрдү жок кылууну жана 48 сааттын ичинде бүт аралды көзөмөлгө алууну максат кылган Акритас планын ишке киргизишти, бирок кипрдик түрктөр куугунтукка каршылык көрсөтүштү.

Кепил өлкө болгон Түркия БУУ жана эл аралык коомчулукту 11 жыл бою чара көрүүгө чакырды, бирок натыйжа болгон жок. 1974-жылы 15-июлда кипрдик румдар «экинчи геноцидди ишке ашырууну максат кылган» Ифестос планын ишке киргизишкен.

1974-жылы 15-июлда грек хунтасы төңкөрүштөн кийин Макариосту кызматтан кетирип, Түркия, Греция жана Британия менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган соң Түркия 20-июлдун башында аралга кадам таштап, конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө чакырган.

1974-жылдагы Кипр Тынчтык операциясынын ардагери Йылмаз Бора Анадолу агенттигине берген маалыматында: «Эгер операция жүргүзүлбөсө Кипрдик түрктөр кыргынга учурамак»,-деди.

«Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) негизги мекенибиздин колдоосу менен түбөлүк жашаарына бекем ишенебиз»,-деди ал.

Кырк жылдан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жетекчилиги эл аралык коомчулуктун өз мамлекеттерин атайылап тааныбай, тагдырын туңгуюкта кармап турганын түшүндү. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу TRT World телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде кипрлик румдар кипрдик түрктөрдү тең укуктуу өнөктөш катары көрбөгөндүктөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бир мамлекеттүү чечимге ишенбей турганын айтты.

Эртугрулоглу: «Биз өнөктөштүк вариантын сынап көрдүк. Бул иштебей калды. Эмнеге? Анткени кипрлик румдар кипрлик түрктөрдүн өздөрүнө теңелүүсүн кабыл ала алган жок»,-деди.

«Өнөктөштүктүн негизинде республикалык формула сыналды жана ишке ашпай калды, анткени экинчи өнөктөш анын иштешин каалабады».

Анкара кипрдик түрктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аралдагы аскердик позициясын сактап келет.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министринин айтымында, БУУ башка эл аралык уюмдар сыяктуу маселенин бир бөлүгү болууну чечти. Анткени БУУ 1974-жылы Түркия жүргүзгөн операцияны жаңжалдын булагы катары көрүп, Кипр маселесин туура эмес аныктаган.

Министрдин айтымында, 1974-жылы «түрк аскерий операциясы» болгон дегенге бардыгы макул болсо да, эл аралык коомчулук анын кипрлик румдар тарабынан кипрдик түрктөрдүн саясий укуктарын бузганы себеп болгондугуна көңүл бурбай келет.

Эртугрулоглу TRT World каналына: «Түркия бул аралдын грек аралына айланышына эч качан жана эч качан уруксат бербейт»,-деп, аралдын 3 кылымдан ашык Осмон бийлиги астында калганына көңүл бурду.

«Биз бул аралга Айдан келген жокпуз. Биздин ата-бабаларыбыз бул жакка Анадолудан келишкен. Биз Кипр аралында жашаган түрктөрбүз. Кипрлик деген улут жок. Кипрлик рум же кипрлик түрк, же азчылык улуттардан армян же маронит бар».

«Биз сыртка чыккандан корктук»

1947-жылдагы Кипр Тынчтык операциясынын ардагерлеринен Өмер Өзжылдырым бул операциядан мурда абдан начар шарттарда жашашкандарын айтты.

Өзжылдырым Анадолу агенттигине: «Гректер 1963-1974-жылдар аралыгында биздин айылдан адамдарды алып, баарын өлтүрүшкөн. Эшикке чыккандан коркуп калдык. Операциядан бир аз мурда БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн аскерлерине куралдарыбызды тапшырдык, БУУнун Тынчтык күчтөрү болсо грек полициясына куралдарыбызды тапшырды»,-деди.

Өзжылдырым аралдын коопсуздугу жөнүндө сөз болгондо Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчтөрүнө жана АКШга ишенбей турганын кошумчалады.

«Мен Түрк куралдуу күчтөрүнө гана ишенем. Түрк аскерлери аралда калышы керек, эгер алар кетсе, биз бүтөбүз»,-деди.

Кипр маселеси бул стратегиялык Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги аралда жашаган эки түрдүү диний жана этникалык жамааттар менен кипрдик түрктөр менен румдардын ортосундагы узакка созулган саясий кагылышуу.

Кипрдик түрктөр талаштуу аралдын статусуна байланыштуу ондогон жылдар бою саясий туңгуюкка кептелгенден кийин бир мамлекеттүү чечимге ишенбей калышты. Бир мамлекеттүү чечим 1960-жылдан бери Кипр Республикасы эки коомчулуктун жана эки аймактын биримдиги тарабынан түзүлгөндөн бери эл аралык коомчулук тарабынан айтылган саясий формула катары белгилүү.

Кипр операциясынын дагы бир ардагери Бесим Фарук Жан Анадолу агенттигине берген маегинде: «Кипрде федералдык чечимди колдобойм. Эгерде эки жамаат чогуу жашаса, бул кырсык болмок», - деп айтты.

«Кипрлик түрктөр менен румдардын чогуу жашоосу мүмкүн эмес. Биз да түндүктө жашайбыз, эч кандай көйгөй болгон жок”.



Тектеш кабарлар