Орто Азия республикаларынын Иран менен мамилеси жанданууда

Евразия күндеми-46

1854983
Орто Азия республикаларынын Иран менен мамилеси жанданууда
tokayev-reisi.jpg
hamaney-tokayev.jpg
Reisi Serdar Berdimuhamedov iran türkmenistan.jpg
iran Türkmenistan Serdar Berdimuhamedov Reisi7.jpg
Sadır Caparov EİT Zirvesi konuşma Ruhani.jpg

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Орто Азия республикаларынын мамлекет башчыларынын Иран Ислам Республикасына жасаган иш сапарлары жана эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы тууралуу кеп салабыз.

Соңку айларда Орто Азия республикаларынын башчылары биринин артынан бири Тегеранга иш сапарын жасаганы назарга илинди. Майдын аягында жана июнь айында үч өлкөнүн лидери Иранда расмий иш сапары менен болду. Бул сапарларга кыскача токтоло кетели:

29-30-май күндөрү Тажикстандын Президенти Имомали Рахмон Иран Ислам Республикасында расмий иш сапары менен болду. Ирандын президенти Ибрахим Раиси Тажикстандын президенти Рахмонду Тегеранда расмий азем менен тосуп алды. Эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосунда 16 келишимге кол коюлду.

14-15-июнь күндөрүндө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Иранга расмий иш сапары менен барды. Сердар Бердымухамедовду Тегеранда расмий азем менен тосуп алышты. 15-июнда эки өлкөнүн президенттери тет-а-тет форматында жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосундагы 15 келишимге кол коюлду. Бердымухамедов президент катары алгачкы иш сапарын Орусияга жасаса, андан кийинки иш сапарын Иранга жасады.

19-июнда Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Иранга расмий сапарын жасады. Тегеранда Токаевди Ирандын президенти Ибрахим Раиси расмий азем менен тосуп алды. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Бул иш сапар Токаевдин президент катары Иранга жасаган алгачкы иш сапары болду.

Иш сапарларынын алкагында үч өлкөнүн президенттери Ирандын диний лидери Али Хаменеи жана парламент башчысы Мохаммед Багер Галибаф менен да жолугушту.

  Батышка жана дүйнөгө Орусия аркылуу өткөн Орто Азия республикалары үчүн Орусия-Украина согушу башталгандан бери альтернативалык жолдордун мааниси жогорулады. Орусия менен тыгыз экономикалык кызматташтыкка ээ болгон Орто Азия республикаларына Батыштын Орусияга каршы санкциялары кыйыр түрдө таасир этүүдө.

Бул контекстте аймактагы өлкөлөр үчүн Ирандын стратегиялык абалы маанилүү. Орто Азия республикалары Иран аркылуу деңиздерге жана Батышка жете алышат. Бул нерсе Орто Азия республикаларынын лидерлеринин Тегеранга барышына себеп болду десек болот.

Президент Касым Жомарт Токаевдин Тегеранга болгон иш сапары учурунда Казакстан тарабынан ирандыктарга 14 күндүк визасыз режим колдонула баштаары белгилүү болду. Иран менен Тажикстан да визаны алып салуу маселесин өз ара талкуулап жатышат.

Казакстан менен Ирандын президенттери Казакстандан чыгып, Иран аркылуу Түркияга бараткан жүк поездине Тегеранда күбө болушту.

Акыркы жумаларда Ирандын Лүтфүабад, Түркмөнстандын Артык жана Фараб аймактары, Өзбекстандын Алат аймагынан өтө турган жаңы эл аралык автотранспорттук каттамдын ачылганы айтылды. Буга чейин жүк ташыган унаалар Ирандын Серахс, Түркмөнстандын Серах жана Фараб багыттарынан Өзбекстанга барат эле.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Тегеран Орто Азия республикалары үчүн Чыгыш-Батыш байланышы жагынан да, Түштүк-Түндүк байланышы жагынан да маанилүү өлкө. Ирандын Евразия Экономикалык Биримдиги жана Шанхай Кызматташтык Уюму менен мамилелерин жакшыртууга умтулуусу да Тегеран бийлигинен Орто Азия республикалары менен тыгыз кызматташууну талап кылууда.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар