​​​​​​​D витамини

Шыпа булагы-41

1849852
​​​​​​​D витамини

D витамининин табигый булактары

Бүгүн биз D витамининин табигый булактары жөнүндө кеп кылабыз.

«D» ВИТАМИНИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Витамин D адамдын ден соолугу үчүн абдан маанилүү. Витамин D организмде чектелген негизде өндүрүлөт жана сакталат; Күндөн келген ультра-кызгылт көк нурлар D витамининин эң күчтүү булагы. Ультра-кызгылт нурунун жетишсиздиги жана анын териге тийбеши D витамининин жетишсиз синтезин шарттайт.

Витамин D- майда эрүүчү витаминдердин бири. Топтолгондон кийин организмде 3-4 айга чейин калышы мүмкүн.

D ВИТАМИНИНИН МИЛДЕТИ КАНДАЙ?

Витамин D денеде бир нече ролду ойнойт.

• Дени сак сөөктөр жана тиштер,

• Иммундук, мээ жана нерв системасынын ден-соолугун колдоо,

• Инсулин деңгээлин жөнгө салуу жана диабетти башкарууну колдоо,

• Өпкөнүн иштешин, жүрөк-кан тамыр системасынын ден-соолугун колдоо,

• Рактын өнүгүшүндө роль ойногон гендер менен өз ара аракеттешүүсү болот.

D витаминин жетишсиздиги балдарда рахит сыяктуу сөөктүн деформациясына, чоңдордо сөөк жана булчуңдардын алсыздыгына алып келиши мүмкүн.

Д ВИТАМИНИНИН ЖЕТИШТИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ?

Витамин D жетишсиздигинин белгилери депрессия, сөөктөрдүн оорушу, тез-тез вирустук инфекциялар, тез-тез суук тийүү жана алсыроо сыяктуу байкалышы мүмкүн.

D витамининин ашыкча болушунун симптомдору болсо D витаминин ашыкча алууда дене салмагынын ылдам төмөндөшү, чарчоо, кусуу же ич катуу сыяктуу көйгөйлөр байкалат.

Д ВИТАМИНИН АЛУУНУН КАНДАЙ ЖОЛДОРУ БАР?

D витамининин булактарына күн, кээ бир тамак-аш азыктары жана витамин D кошумчалары кирет.

Күн нуру D витамининин эң маанилүү табигый булагы болуп саналат. Күн терибизге туура убакытта тийгенде, терибиздеги бир заттан башка бир зат пайда болот. Өндүрүлгөн бул зат алгач боорго, андан кийин бөйрөккө барып анын активдүү формасы болгон D3 витаминине айланат.

Д ВИТАМИНИ КАЙСЫ ТАМАКТАРДА БАР?

D витаминине бай азыктар:

1. Майга бай балыктар: лосось, сардина, сельд, кылыч, тунец, скумбрия сыяктуу балыктар.

Лосось Д витамининин эң сонун булагы. Орточо алганда анын 100 граммдык порциясында 526 IU витамин D бар.

Консерваланган тунец да сактоо жана ташуу ыңгайлуулугу жагынан да артыкчылыкка ээ.

2. Жумуртканын сарысы

Жумуртканын ак бөлүгү белокторго бай болсо, сарысында жетиштүү деңгээлде D витамини бар.

3. Апельсин ширеси,

4. Балык майы,

5. Сүт жана сүт азыктары: Уйдун сүтү, айран жана сары май,

6. Курамында D витамини бар жашылча-жемиштер,

Д витамининин өсүмдүк булактары өтө чектелген. Булардын арасында брокколиде, картошкада жана сабизде, мөмө-жемиштерде болсо алма менен бананда, бадамда, жасмык жана кара нанда да аз өлчөмдө D витамини болот.

7. Уйдун боору,

8. Тоок эти,

9. Кызыл эт,

10. Табиятта өскөн күн тийген козу карындар.

Козу карындар D витамини бар азыктардын жакшы булагы болуп саналат, анткени алар адамдар сыяктуу эле D витаминин күн аркылуу синтездей алышат. Бир гана айырмасы, козу карындар D2 витаминин, ал эми адамдар D3 витаминин чыгарышат. Адамдын денесинде D витамин алуу үчүн D3 витамини керек. Ушул себептен козу карындан алынган D2 витамининин таасири D3 витамининдей көп эмес.

D витамининин жетишсиздигинде болгондой эле, D витамининин ашыкчасы да кээ бир ооруларга алып келиши мүмкүн. Д витамини ашыкча алынганда канга кальций топтолот. Бөйрөктөгү таштар, жүрөк жана бөйрөктүн жетишсиздиги- D витаминин көп колдонуунун натыйжасында пайда болгон оорулар.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар