​​​​​​​Эне сүтүн көбөйтүүчү табыгый азыктар

Шыпаа булагы-38

1843972
​​​​​​​Эне сүтүн көбөйтүүчү табыгый азыктар

Эне сүтүн көбөйтүүчү табыгый азыктар.

Эң оболу эне сүтүн көбөйткөн азыктар тууралуу айта кетели.

Сулу- сүттү көбөйтүүчү гормондордун бөлүнүп чыгышын жогорулатат.

Тахин, нокот, лимон, зайтун майы жана сарымсак менен даярдалган хумус эне сүтүн арттырган тамактардын арасында биринчи орунду ээлейт.

Курамындагы бай омега 3 витамини менен көңүлдөрдү бурган лосось эне сүтүн көбөйтөт.

Эненин суюктукка болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн аш болумдуу шорполорго айран, жашылчалар кошулган жана эт шорполор кирет.

Сууну ичүү эне сүтүн көбөйтөт. Күнүмдүк керектелүүчү суу 2-2,5 литр болушу керек.

Сүт, жаңгак, фындык жана тахин менен даярдалган эне сүтүн арттырган десерттер да сүттүн сапатын жогорулатат.

Эне сүтүн жакшыртуу үчүн энелердин эртең мененки тамакты ичүүсү маанилүү. Эртең мененки тамакка маани берилбесе, эне сүтү азайып кетиши мүмкүн.

Петрушка, ашкөк, быштак жана жаңгак менен даярдалган аралашма энелердин эртең мененки тамагында болушу керек.

Сүт, айран, сыяктуу суусундуктар курамындагы протеин жана витаминдер көп болгондуктан эне сүтүн көбөйтүүдө чоң роль ойнойт. Ошондой эле жатар алдында ичилген сүттүү суусундуктар сүттү жакшы бөлүп чыгарат.

Айва, алма жана кургатылган жемиштер менен даярдалган компоттор да, өзгөчө кантсыз даярдалганда алда канча пайдалуу.

Розмарин, зире, фенхель, корица, тимьян, имбирь жана куркума сыяктуу эне сүтүн көбөйтүүчү заттар менен даярдалган суусундуктарды да күн бою ичсе болот.

Мындан тышкары, жашыл жалбырактуу жашылчалар, авокадо жана ананас менен даярдалган жашылча суусундуктарында эне сүтүн көбөйтүүчү витаминдер бар.

Арпа- эне сүтүнүн бөлүнүп чыгышын күчөтүүчү гормонду көбөйтөт.

Минералдык суу да эне үчүн маанилүү суусундук болуп саналат. Магнийдин булагы болгон табигый минералдык сууга жемиштерди жана айранды кошуп ичсеңиз болот. Чалап жасоодо суунун ордуна минералдык сууну да колдонсоңуз болот. Ошондой эле мезгилдүү жемиштерди сыгып, минералдык сууга аралаштырып ичиңиз.

Эне сүтүн көбөйтүүчү чайдын түрлөрүн төмөнкүчө тизмектей алабыз:

Фенхель, липа, анис, зире жана ромашкадан даярдалган чай эне сүтүн көбөйтөт. Бул өсүмдүктөр баланын газ көйгөйүнө да жакшы.

Чалкандын уруктары, фенугрект, анис, корица жана лимон менен даярдалган чай эне сүтүн арттырган чайлардын арасында даамы жана жагымдуу жыты менен бааланат.

Эне сүтүн көбөйтүү үчүн чай ичүүнү каалаган энелер кургатылган жемиштерди ысык сууга демдеп колдонсо болот. Мүмкүнчүлүккө жараша ысык сууга кошулган кургатылган өрүк, кургатылган инжир жана кургатылган тыттын негизинде кантсыз табигый чай даярдалат.

 

Эне сүтүн көбөйтүүчү мөмө-жемиштер болсо булар:

Кургатылган инжир, мейиз, кургатылган өрүк, курма сыяктуу кургатылган мөмөлөр курамында кальций жана магний болгондуктан эмчек сүтүн көбөйтүүдө эффективдүү.

Жаңгак, фындык, бадам сыяктуу май уруктары менен бирге жеген кургатылган жемиштер да бала эмизген энелердин энергия муктаждыгын канааттандырууга жардам берет.

Ашкабак да эмчек сүтүн көбөйтүүчү азыктардын катарына кирет.

С витаминине бай кулпунай, апельсин, мандарин, алма, өрүк, жаңы жүзүм, айва, алча, дарбыз, коон, шабдалы, авокадо сыяктуу мөмөлөр дагы эмчек сүтүн көбөйтөт.

Эне сүтүн көбөйтүүчү өсүмдүктөргө келсек;

Эне сүтүн көбөйткөн жашылчалардын ичинен сабиз биринчи орунду ээлейт. Бала эмизген энелерге сабизди салаттарга, тамактарга жана шорполорго кошуу сунушталат.

Темирге бай кургатылган буурчак өсүмдүктөрү бөлүнүп чыккан сүттүн сапатын да, санын да жогорулатат.

Бала эмизген энелердин тамактануу программасына капуста, шпинат, петрушка, портулак, салат сыяктуу эмчек сүтүн көбөйтүүчү жашылчалар сөзсүз түрдө киргизилиши керек.

Мындан тышкары, эмчек сүтүн көбөйтүүчү сарымсак, пияз сыяктуу чөптөрдү чийки же бышырылган тамакка жана салаттарга колдонсо болот.

Эне сүтүн көбөйткөн керемет деп аталган ашкөктү ар бир тамакта салаттарга кошуп керектөө пайдалуу болот.

Эне сүтүн көбөйтүүчү дарылар төмөнкүлөр:

Кургатылган инжир: Сегиз же тогуз кургатылган инжирди жарым литр хлорсуз сууга кайнатып, суусун ичүү эмчек сүтүн көбөйтөт.

Ал эми кургатылган инжир жана сабизди колдонуу менен даярдалган даба болсо түшкө чейин жана түштөн кийин 21 күн ичкенде сүттү көбөйтүүчү эффект берет.

Эне сүтүн көбөйтүүчү тыттын дабасын тамак катары жаңы, кайнатылган жана ичүүчү суудай кургатат.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар