Тажикстан- Иран мамилелериндеги соңку абал

Евразия күндеми-41

1840758
Тажикстан- Иран мамилелериндеги соңку абал
İmamali Rahman İranda.jpg
iran tacikistan.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул бөлүмүндө Тажикстандын президенти Имамали Рахмандын Иран Ислам Республикасына жасаган иш сапары жана эки өлкөнүн мамилерелериндеги соңку абал тууралуу кеп салабыз.

Тажикстандын Президенти Имамали Рахман үстүбүздөгү жылдын 29-30-май күндөрү Иран Ислам Республикасында расмий сапары менен болду. Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстандын президенти Рахманды Тегеранда расмий азем менен тосуп алды. Эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосундагы 16 келишимге кол коюлду. Президент Рахмандын Иранга болгон  9 жылдан кийинки иш сапары көп жагынан маанилүү.

Тажикстандын президенти иш сапарынын алкагында Ирандын диний лидери Али Хаменеи, вице-президенти Мухаммед Мухбир жана Иран парламентинин төрагасы Мохаммед Багер Галибаф менен өз-өзүнчө жолугушту. Бул жолугушууларда Тажикстан-Иран мамилелерин жакшыртуу керек экендиги айтылып, макулдашылды.

Президент Рахмандын Иран саясатында негизги ролду ойногон лидерлердин баары менен Тегеранда жолугушканы эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин жакшырып жатканынан кабар берет. Маалым болгондой эле, Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин Тегеранга жасаган иш сапарынан кийинки окуялар эки өлкөнүн мамилелерин солгундаткан эле. 2013-жылы начарлаган эки тараптуу мамилелер 2019-жылы кайрадан жакшыра баштады.

Кадырлуу окурмандар, 2021-жылдын сентябрь айында Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстанга иш сапары менен барган. Бул иш сапар Раисинин чет өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары болгон. Ошол иш сапары учурунда Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн ортосундагы 8 келишимге кол коюлган. Тажикстан буга чейин Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болушуна каршы чыгып жүрсө, уюмдун акыркы саммитинде Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна кириши керек деп билдирген.

Тышкы саясатта Тажикстан, өлкөдө аскерий базасы бар Орусия менен эң көп карыз берген Кытайды баланстоо үчүн үчүнчү аймактык күчкө, тагыраак айтканда Иранга муктаж. Орусияга каршы санкциялар Тажикстандын экономикасына терс таасирин тийгизгендиктен, тажик бийлиги альтернативдүү рынокторду жана инвесторлорду табышы керек.

Баарыбызга маалым болгондой, чет өлкөдө жүргөн оппозиция лидери Мухиддин Кабири май айында Дүйшөмбү режими менен дагы катуураак күрөшүү мезгили келгенин айтты. Тоолуу Бадахшанда адам өмүрүн алган нааразычылыктар болду. Ушул окуялар тажик бийлигин дос өлкөлөрдүн санын көбөйтүүгө аракет кылууга, тажик оппозициясын колдоо ыктымалы болгон өлкөлөр менен жакын мамиле түзүүгө мажбур кылууда.

Тажикстан менен Ирандын биргелешкен коргонуу комитети түзүлгөн жана Ирандын учкучсуз учактары Тажикстанда өндүрүлө турган болгон. Бул кадамдар тажик бийлигинин өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн деген нерселерге каршы чараларды көрө баштаганынан кабар берет. Талибан бийлиги менен тил табыша албаган Тажикстандын бийлиги түштүк чек арасын бекем кайтаруу аракетинде. Кошумчалай кетсек, тажик -кыргыз чек арасындагы талаштуу жер тилкелеринен улам Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара чырлары болуп жатат. Кыргызстандын Байрактар ​​TB2 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алышы Тажикстандын Иран менен биргеликте учкучсуз учуучу аппараттарды жасоо аракетин тездеткен болушу мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, Тажикстандын президенти Имамали Рахмандын Иранга болгон иш сапары эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү жагынан жемиштүү болду.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар