Шанхай Кызматташтык Уюмунун Өзбекстанда өткөн жыйындары

Евразия күндеми-39

1833210
Шанхай Кызматташтык Уюмунун Өзбекстанда өткөн жыйындары

Ардактуу окумандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Өзбекстанда өткөргөн жыйындары жана форумдары тууралуу кеп салабыз.

Өзбекстандын төрагалыгынан улам быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) иш-чаралары Өзбекстанда өтүүдө. Май айында Өзбекстандын ар кайсы шаарларында уюмдун маанилүү жыйындары жана форумдары өттү.

11-12-май күндөрү Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Элдик дипломатия форуму өттү. Бул форумга уюмга мүчө өлкөлөрдөн 120дан ашуун өкүл катышты. Элдик дипломатия форуму Өзбекстандын сунушу менен 2017-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат.

12-майда Хива шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 9-жыйыны гибрид форматында өттү. Жыйындын соңунда кызматташуу протоколуна кол коюлуп, биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

13-май күнү Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин Өзбекстанга келди. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов тарабынан кабыл алынды. Жолугушууларда 2022-жылдын 15-16-сентябрь күндөрүндө Самарканд шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата даярдыктар жана жалпы эле уюмдун маселелери талкууланды.

16-майда Бухара шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Банктар Биримдигинин адистеринин жана координаторлорунун жыйыны болуп өттү. Бул жыйындын күн тартибин улуттук валюта менен соода жүргүзүү темасы түздү.

17-май күнү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин карантинге жооптуу министрликтеринин өкүлдөрү менен жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

19-майда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 19-жыйыны гибрид форматында өттү. Жыйында уюмдун туризм жана маданият борбору катары Индиянын Варанаси шаары тандалды. 20-майда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Эл аралык туристтик форуму “Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин жаңы доору: туризм жана маданий мурас” деген темада өттү. Ушул эле күнү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйыны да өткөрүлдү. Жыйындын соңунда музей тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

20-май күнү Өзбекстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин спортко жооптуу министрлеринин жыйыны өттү. Жыйындын соңунда «2022-2024-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы» министрлер тарабынан кабыл алынды.

Урматтуу окурмандар, быйыл Шанхай Кызматташтык Уюму тарабынан 80 иш-чараны өткөрүү пландалган болсо, ушуга чейин анын 40ы Өзбекстанда өткөрүлдү. Окуялардан көрүнүп тургандай, Өзбекстан бийлиги бул  иш-чараларды өлкөнүн ар кайсы шаарларында өткөрүүгө аракет кылууда. Өзбекстан, өзүнүн төрагалыгы учурунда уюмдун бекемделишине чоң салым кошууда.

Дүйнөдөгү калктын дээрлик жарымы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттерде жашайт. Ушуга байланыштуу уюмдун мааниси күндөн күнгө өсүүдө. Шанхай Кызматташтык Уюмунун диалог өнөктөшү болгон Түркия, уюмга байкоочу же мүчө болуу үчүн кадам таштаса, мындан эки тарап тең пайда табат. Бул кадам Чыгыш менен Батыштын ортосунда маанилүү орунда турган Түркиянын «Кайрадан Азия» демилгесине да дал келет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар