Түркиянын террор менен күрөшү

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

1828310
Түркиянын террор менен күрөшү

Жаз жана жай айларынын келиши менен мезгилдик шарттардын жетилиши Түркиянын террор менен күрөшүндө  жаңы бир ылдамдыкты да кошо ала келди.  Ирактын түндүгүндө «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы улантылып, Сирияда да уюмдун мүчөлөрү бутага алынууда. Түркия ичинде ПККга карата тазалоо операциялары улантылууда. Арарат ПККнын 11 террористи жок кылынып, уюмдун Түркия ичинде калуу мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин көрсөтүүсү жактан чоң мааниге ээ болууда.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

Акыркы жылдарда Түркиянын ПКК террору менен күрөшүү чечкиндүүлүгү күч алып, жаңы коопсуздук доктринасына караштуу болуп улантылып жаткан аскердик операциялар эми олуттуу жыйынтыктарды бере баштады. Өзгөчө Түркияда айыл жана тоолуу аймактарда жайгашып, террордук аракеттерди жасаган уюмдун инфраструктурасы негизинен жок кылынды. Түркияда калган террордук уюм мүчөлөрүнүн саны жүздөн да аз экендиги болжолдолууда. Акырында Арарат тоосунда 11 террористтин жок кылынышы ПКК мүчөлөрүнүн кыймыл жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чоң өлчөмдө жок кылынгандыгынын белгиси.

Жаздын келиши менен мезгилдик шарттардын жетилиши Түркиянын терроризмге каршы күрөшүн ылдамдатты.   Иракта «Чеңгел - Кулпу» операциясы Авашин-Басян жана Зап тилкесиндеги уюм бутага алынып,  бул аймакта түрк куралдуу күчтөрү  аймактагы үстөмдүгүн арттырды.  Ошо сыяктуу эле Ирактын башка аймактарында да террордук уюмга каршы куралдуу учкучсуз учуучу аппарат операциялары улантылып, Ирак күрт аймактык башкаруусуна караштуу пешмергелер да Түркия менен координациялуу түрдө  ПККнын аянтын тарайтууда.  Ошол эле учурда борбордук өкмөткө караштуу Ирак армиясы да Синжардагы ПККга караштуу Синжар каршы коючу бөлүктөр ЙБШ элементтерине кысым жасап, аймактан чыгышына шарт түзүүгө аракет кылууда.

Түркиянын ПКК менен күрөшү Сирияда да улантылууда. ЙПГ элементтери байланыш тилкелеринде бутага алынып, куралдуу учкучсуз учуучу  аппараттарынын кыймылдуугу да олуттуу түрдө күч алды. Уюмга таандык бир нече маанилүү ысым куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен жок кылынууда. Түркиянын Украина согушу жараткан геосаясий мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып Сириядагы ПЙД/ЙПГ террордук уюмуна каршы кеңири масштабдуу аскердик операцияны жакын арада баштаарын да алдын ала айтууга болот.



Тектеш кабарлар