Петер Сийяртонун Орто Азия республикаларына иш сапары

Евразия күндеми-37

1825509
Петер Сийяртонун Орто Азия республикаларына иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун Орто Азия республикаларына жасаган иш сапары тууралуу сөз салабыз.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто үстүбүздөгү жылдын 3-4-май күндөрү Орто Азия республикаларында иш сапары менен болду. Петер Сийяртонун иш сапары Казакстандан башталды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында Сийяртону кабыл алды. Жолугушууда Токаев Венгрия менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди. Венгриянын тышкы иштер жана соода министри, анын өлкөсү Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү каалай турганын айтты. Сийярто Казакстанга жасаган сапарынын алкагында Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн соода жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты.

3-майда Петер Сийярто иш сапары менен Кыргызстанга да барды. Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сийяртону кабыл алып, Кыргызстан-Венгрия мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн ага «Достук» орденин тапшырды. Жапаров Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоого Петер Сийяртонун чоң салым кошконун баса белгиледи. Венгриянын тышкы иштер жана соода министри, иш сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев менен жолугушту. Ошондой эле аталган сапардын алкагында Бишкекте Кыргызстан-Венгрия стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү. Бул жыйында Венгрия менен Кыргызстандын экономика жана соода, билим берүү, маданият жана транспорт тармагындагы кызматташуусу талкууланды.

Андан кийин Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Сийярто Бишкектен Ташкентке карай сапар тартты. 4-майда Өзбекстандын вице-премьер-министри, инвестиция жана тышкы соода министри Сердар Умурзаков менен Петер Сийяртонун төрагалыгы астында экономикалык кызматташтык боюнча Өзбекстан-Венгрия өкмөттөр аралык комиссиясынын жетинчи жыйыны өттү. Бул жыйында айыл чарба, фармацевтика, энергетика, тамак-аш жана билим берүү тармагындагы кызматташтык талкууланды. Петер Сийярто тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норов менен да жолугушту.

 Орусия Украинага кол салганда Венгрия орто азиялыктардын өз өлкөсүнө кайтып келишине жардам берүү менен бир туугандык милдетин аткарды. Сийяртонун Бишкекке болгон иш сапарынын учурунда Будапешт-Бишкек багыты боюнча түз аба каттамдары жакын арада ачылаары белгилүү болду. Учуулар Венгриянын Wizz Air авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.

Венгрия өкмөтү жыл сайын 500дөн ашык борборазиялык студентке өздөрүнүн жогорку окуу жайларында билим алуу укугун берет. Венгрияда стипендия менен окуган борборазиялык студенттердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Мисалы, Сияртонун акыркы сапарында Венгрия өкмөтү тарабынан кыргызстандыктарга бөлүнгөн стипендиянын квотасы 150дөн 200гө чейин көтөрүлгөнү белгилүү болду.

Венгриянын Орто Азия республикалары менен болгон мамилеси Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында да өнүгүп жатат. Венгриянын Түрксой, Эл аралык Түрк академиясы жана ТүркПА сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуусу аркылуу да Венгрия менен Борбор Азия республикаларынын ортосундагы мамиле бекемделет. Күн тартибинде Вишеград тобунун Түрк Мамлекеттери Уюмунун жана Орто Азия республикалары менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси да турат.

Эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгында Будапешттин Орто Азия республикалары менен мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Виктор Орбандын лидерлиги астында «Фидестин» бийликке кайра келиши, жакынкы мезгилде Венгрия менен Орто Азия республикаларынын кызматташтыгынын дагы да өнүгөрүнөн кабар берет.

Программаны даярдаган; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар