Украина кризиси жана Жакынкы Чыгышта  нормалдашуу

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор  доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

1823462
Украина кризиси жана Жакынкы Чыгышта  нормалдашуу

Жаңы кандуу согуштун чоң күч күрөшү ичинде Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн корутундусуна караганда Россия  -  Украина согушу Вашингтонду ашыкчасы менен алек кылып жатат жана ушул себептен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн  маселелерине АКШ тарабынан жетеринче көңүл бурулбай жатат.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор  доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

Израиль жана Перс булуңундагы  айрым өлкөлөр Байден башкаруусунун Венада Иран менен улантылып жаткан кыйыр түрдөгү баалашуусунда Россия  -  Украина согушунун узарышынан улам   Байден башкаруусу Тегеранга олуттуу жеңилдиктердин берилишинен  кооптонууда. Иран 2015 -  жылдагы атомдук келишимге баш ийе турган болсо, Вашингтондун жана Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн чектөө талабын кайра аларын жана Тегерандын  жергиликтүү куралдуу күчтөрүнүн аймактагы таасири жана аймакта болушуна көңүл бурбай тургандыгы болжолдолууда. Акыйкаттан да атомдук келишимдин жаңылынышы менен байланыштуу Иран Төңкөрүш Гвардиясынын АКШнын террор тизмесинен  чыгарылуу ыктымалынын Вашингтондо талкуулануусу аты аталган өлкөлөр үчүн кабыл алынышы абдан кыйын бир коопсуздук маселе катары көрүнүүдө.

Перс булуңу өлкөлөрү өзгөчө акыркы жылдарда АКШнын мамилесинен көңүл калуучулук жашады. Вашингтондун Азияга багыт алуу саясаты бул аймактагы кадыр-барктын төмөндөшүн билдирет. Ошол сыяктуу эле Сауд Арабия жана  Бириккен Араб Эмираттарына карата Йемендеги Иран колдогон хусилер тарабынан жасалган ракеталык кол салууларга Байден башкаруусунун кийлигишпегени белгиленди. Ошондуктан Перс булуңу өлкөлөрү керек болсо аскердик жабдыктар керек болсо жаңы соода карым  - катнаштарын түзүү үчүн АКШнын тышында бир топ өлкөлөр менен жана албетте башта Кытай,  Россия сыяктуу чоң күчтөр менен  карым  - катнаштарын түрдөнтүүгө багыт алды.

АКШ региондогу мамлекеттердин бул диверсификациялык саясатына канааттанбаса да, бул абалды артка кайтаруу үчүн  олуттуу мамиле жасай элек. Бирок келечекте күтүлбөгөн жерден Вашингтон башкаруусу Перс булуңу, Израиль жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы жакындашуу процессине кириши мүмкүн. Вашингтон Жакынкы Чыгыш аймагындагы бул кластерди өзүнүн улуу державалык атаандаштыгында козырь картага айлантууну каалашы мүмкүн. Бул процессте маселеге негизделген аймактык кызматташтык үчүн жаңы негиз пайда болушу мүмкүн.

Учурда Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Сауд Арабия, Иордания, Марокко, Бахрейн, Ирак жана Израиль, Жакынкы Чыгыш аймагындагы түрдүү жолугушуулар менен жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн изденген өлкөлөрдүн арасында. 

Бул көп кырдуу демилгелерге өз максаттарына туура келген жагдайларда катышуу Түркиянын кызыкчылыгына болушу мүмкүн. Эгерде Анкара ар кандай маселелер боюнча бул көп кызматташтык демилгелерине катышса, келечекте сүйлөшүүлөр аяктаганда Ирандын же анын куралдуу күчтөрүнүн аймактагы таасири кыйыр түрдө тең салмактуу болот.

Мындан тышкары Түркия  Перс булуңу аймагында коммерциялык тең пайда көрүү логикасы менен кыймыл кылууда. Ушул себептен бул демилгелердин тереңдеши Анкаранын энергетика, туризм сыяктуу тармактарда аймак өлкөлөрү менен жаңы өнөктөштүктөрдү куруу деген мааниге келүүдө. Ушундайча АКШ жаңы суук согуштан улам бир күнү Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Жакынкы Чыгыш аймагына борбору Вашингтон болгон альянс долбоорлору менен кайтып келе турган болсо, Түркиянын аймак өлкөлөрү менен түрдүү темалар боюнча өнүктүрүлгөн биримдиктин жардамы менен аянтта теңдеменин тышында калуу ыктымалы да  жок болот.

Алдыдагы күндөрдө Түркия Жакынкы Чыгышта  нормалдашуу үчүн жаңы кадамдарды таштай алат жана бул Түркиянын Украина кризиси учурунда  маанилүү бир мүмкүнчүлүккө жетишине шарт түзөт.



Тектеш кабарлар