"Чеңгел - Кулпу" операциясы

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1820894
"Чеңгел  -  Кулпу" операциясы

 Жаз айларынын келиши менен түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө жаңы операцияларды баштады. «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы деп аталган акыркы аскердик кыймыл Түркиянын чек ара сызыгына жакын Авашин Басян жана Зап аймактарын бутага алды. ПККнын база аймактарына абадан сокку урулуп, аймакка көптөгөн десанттар түшүрүлдү.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 Түркия ПКК террордук уюмуна каршы күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантууда, өлкөнүн бардык аймагындагы аскердик операцияларынан тышкары, уюмду чек аранын сыртында да активдүү түрдө бутага алууда. Ирак жана Сирияда ПККнын аянттагы үстөмдүгүн жок кыла турган иш – аракет кабыл алынды. Ушунун негизинде жаз айларынын келиши менен кышкы базасынан чыккан ПКК террордук уюмунун Ирактын түндүгүндөгү база куруу аянттары «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы менен бутага алына баштады. Ф  - 16 жана учкучсуз учуучу аппараттар бутага алган аянттарга десанттар да  жиберилип түрк куралдуу күчтөрүнүн аянттагы үстөмдүгүн да кеңейтүүдө. Айрыкча Авашин Басян жана Зап аймактарында жаңы аймактар ​​түрк куралдуу күчтөрүнүн  көзөмөлүнө өтүп, аймактагы үңкүрлөр жана туннелдер да жардырылды. Учурда уюмдун 60ка жакын мүчөсү жок кылынды.

 «Чеңгел  -  Кулпу» операциясы менен уюм кысмакка алынып, кышкы базасынан  чыгуу жана Түркияга каршы жаңы террордук аракеттерди жасоо мүмкүнчүлүгү да жок кылынды. Түркиянын Ирак жана Сириядагы таасирдүү чек ара тышы аскердик операциялары чоң натыйжаларды берип, уюмдун Түркиянын ичинде иш алып баруу мүмкүнчүлүгү да минимумга түшүрүлдү. Акырында түрк куралдуу күчтөрүнүн  алдыдагы апталарда Ирактагы операция аймактарын кеңейтүү менен уюмду бутага алууну уланта турганын алдын ала айтууга болот.

  Түр куралдуу күчтөрү учурдагы стратегиясы менен уюм коопсуз аймак катары көргөн база аймактарын бутага алууну жана маанилүү логистикалык линияларды кесип, чакан аймактарга кысып, акырында аны толугу менен жок кылып, уюмду изоляциялоону максат кылууда.



Тектеш кабарлар