Украина согушу

Мурат Йешилташтын Россиянын Украинага ачкан согушу тууралуу пикири.

1819692
Украина согушу

Урматтуу радио угармандар, СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча  директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын Россиянын Украинага ачкан согушу тууралуу пикирин угуңуздар.  

Россиянын Украинага ачкан согушуна 58 күн болду жана бул тууралуу кенен анализ жүргүзүү зарыл болууда. Бүгүндөн тарта төмөнкү жагдайлардын алдыңкы планга чыкканын айтууга болот.

Биринчи жагдай  Россиянын аскердик ийгиликсиздиги. Россиянын оригинал кыймыл планы ийгиликсиз болду жана  эгер план ийгиликсиз боло турган болсо  башка план же пландар да ишке ашырыла алган жок. Өзгөчө аскердик кол салуунун алгачкы күнүндө Украинада аскердик буталар ийгиликтүү  атылганына карабастан Гостомель аэропортунун көзөмөлүнүн толугу менен колго алына албашы, Россиянын Украина ичиндеги күйүүчү май жана логистикалык линияларынын иштешине тоскоол болду. Бул абал орус күчтөрүнүн согуштун биринчи күнүндө эле оор жоготууларга дуушар болушуна себеп болду.

Аскердик кол салуунун башынан бери төрт негизги  стратегиялык аймакка көңүл бурганына карабастан Киев, Харьков сыяктуу согуштун жыйынтыгын өзгөртүү ыктымалы жогору болгон аймактарда Россия ийгиликтүү боло албады. Мариуполдо  абдан узакка созулган күрөш жүрүп, бирок шаар толугу менен талкалангандан кийин гана орустар жарым-жартылай көзөмөлгө ала алышты. Херсон жана Мелитополь аймактарында согуш Россия үчүн күтүлгөндөн тескери жагына бурулду. Киев, Чернигов, Сумы, Ирпин жана Харьков сыяктуу аймактарда орус аскерлери чегинүүгө аргасыз болду.

Калган убакытты эске алганда, орус армиясынын талаадагы аскердик эффективдүүлүгү алсыз жана стандарттуу операциялык процедураларды колдонууда кыйынчылык жаратып жатканы көрүнүүүдө. Бир тараптан биргелешкен кыймыл принциптерине баш ийүүдө ийгиликсиз болгондой эле абадан көзөмөлдөө жана артыкчылыкка жетише албагандыгы байкалган Россиянын пропагандалык согушта да таасирдүү боло албаганы көрүнүүдө. Россиянын Кара деңиз флотунун эң маанилүү элементи жана жүрөгү болгон крейсер «Москванын» согуштун 51 - күнүндө чөгүшү Россиянын согуштагы аскердик престижине оор сокку урду.

Аянтта аскердик кыйынчылыктар жана ийгиликсиздиктер Россияны Украина пландарын кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Жаңы план Донбасс аймагын толугу менен текшерүүгө алып, бул жердеги республикаларды Украинадан бөлүү.

 Россияга байланыштуу башка бир негизги жагдай экономикалык чыдамдуулугунун алсыз болушу. Оор жана кенен масштабдуу экономикалык эмбарголор терең таасир жаратып, Россияга карата оор кысымдын пайда болушуна себеп болду. Бул абалды жакынкы бир мезгилде экономикалык кризистин тереңдешине себеп боло тургандай эле узун мөөнөттө Россиянын глобалдык күч  бөлүштүрүүдө алсыз экономика болушуна себеп болот.

Согуш жаңы бир баскычка кирген мезгилде Россия балким бир гана аскердик жактан жетишкендикке ээ болушу мүмкүн бирок стартегиялык жыйынтыктардан улам дагы чоң каршы чыгуулар менен беттешиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар