Буларды билесиздерби?

Көпөлөктөр өрөөнү.

1810729
Буларды билесиздерби?

Түркиянын Эгей аймагындагы көпөлөктөр  өрөөнүндө 80ден ашуун көпөлөк түрүнүн жашагандыгын билесиздерби ?

Көпөлөктөр өрөөнү Мугланын Фетхийе  районунда Өлү деңиз аймагынын чектериндеги табигый бир казына. Айланасы 350 метрге жеткен тик жарлар жана деңиз менен курчалган өрөөн дээрлик дүйнөдөн обочолонуп турат... Кургактыктан транспорттун болбошу жана мамлекет тарабынан коргого алынган аянт болушу да өрөөндүн ушул кезге чейин бузулбастан турушуна жардам берди.

Экологиялык булгануунун таасирлеринен корголгон аймак бул өзгөчөлүгү менен бир табигый парк көрүнүшүн берет. Көпөлөктөр өрөөнү атын ичинде камтыган 80ден ашуун көпөлөктүн түрүнөн жана өзгөчө «Жолборс» көпөлөгүнөн алган. «Жолборс» көпөлөктөрү дүйнөнүн түрдүү аймактарында кездешсе да көпөлөктөр өрөөнүндө  колония түрүндө учуп жүрүшөт. Өрөөндүн уникалдуу географиялык түзүлүшү табият таануучулардын изилдөө жана лабораториялык эмгектеринин предмети болуп, улуттук жана эл аралык экологиялык уюмдардын көңүлүн бурууда.

Түркияда жана дүйнөдө жаратылыш туризминин эң мыкты даректеринин бири катары көрсөтүлгөн көпөлөктөр өрөөнүндө табигый жашоону коргоо жана ага колдоо көрсөтүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн курулган мекеме бар. Бул жер келгендерге  чатыр жана жыгачтан салынган үйлөрдө коноктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Өрөөндө экологиялык айыл – чарба иштерин да жүргүзгөн  мекеме ошол эле учурда тазалоо, деңиздин тазалыгы жана таза энергия тууралуу долбоорлорду да ишке ашырууда. Жыл сайын 1 -  март жана 1 -  ноябрь күндөрүнүн арасында кызмат кылган мекеменин уруксаты болбостон ал жерде калуу мүмкүн эмес.



Тектеш кабарлар