2-Анталия дипломатиялык форуму жана Евразия

Евразия күндеми-29

1798467
2-Анталия дипломатиялык форуму жана Евразия
cavusoglu adf.jpg
adf savunma sanayi.jpg
stoltenberg-cavusoglu adf.jpg
Erdoğan Antalya.1.jpg
erdoğan.jpg

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында 2-Анталия дипломатиялык форумунун Евразия аймагындагы көйгөйлөрдүн чечилишине кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 11-13-март күндөрү 2-Анталия дипломатиялык форуму Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын эгидасында, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тарабынан өткөрүлдү. “Дипломатияны кайра куруу” деген аталышта өткөн форумга 75 өлкөдөн 17 өкмөт жана мамлекет башчысы, 80 министр, 39 эл аралык уюмдун өкүлү болуп жалпысынан 2500 адам катышты. 585 улуттук жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү форумда иш алып барышты.

Форумга Евразиядан Ооганстандын, Казакстандын жана Украинанын экс-президенттери, Гагауз автономиялуу облусунун башчысы, Азербайжандын вице-президенти, Ооганстан, Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Украинанын тышкы иштер министрлери, Түрк Мамлекеттери Уюму, ТҮРКСОЙ, Эл аралык Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары боюнча конференция жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сымал эл аралык уюмдардын башкы катчылары, элчилер, депутаттар, окумуштуулар катышышты. Украинанын премьер-министри Денис Шмыхал форумга видеоконференция аркылуу баяндамачы катары катышты.

2-Анталия дипломатиялык форумунда Украинадагы согуш, Түштүк Кавказдын келечеги жана Ооганстандагы кырдаал сыяктуу Евразия аймагына тиешелүү маселелер талкууланды. Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлери 24-февралда Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу Анталияда бетме-бет жолугушушту. Форумдун алкагында 10-март күнү Түркия-Украина-Орусия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлдү. Ошентип Түркия согушуп жаткан тараптардын тышкы иштер министрлерин бетме-бет жолуктуруу менен олуттуу дипломатиялык ийгиликке жетишти. Министрлердин жолушуусунун ушундай форматта уланаары күтүлүүдө.

Түркиянын Анталия дипломатиялык форуму алкагында Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлерин жолугуштурушу, Анкаранын эки өлкө менен тең байланышын улантуусу ж.б. ушул сыяктуу кадамдар Евразияда тынчтыктын орношу үчүн, Орусия менен Украинанын лидерлерин сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу үчүн Түркиянын чоң аракет жасап жатканынан кабар берет. Орусия-Украина согушунда ок атышпоонун камсыздалышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн эң туура дареги Түркия болушу мүмкүн.

Армениядан Түркияга жогорку деңгээлдеги иш сапары 2008-жылдан бери биринчи жолу Форумдун алкагында жасалды. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 12-март күнү тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы мамилени толук нормалдаштыруу жана жакшы коңшулук мамилелерин орнотуу процессин колдой тургандыктарын билдиришти.

Форумда Түштүк Кавказда тынчтыкты жана экономикалык өнүгүүнү камсыздай турган маанилүү окуялар тууралуу билдирүүлөр жасалды. Азербайжандын вице-президенти Хикмет Хажиев Бакуну Иран аркылуу Нахчыванга байланыштырган жаңы коридордун курулушу боюнча Тегеран менен макулдашууга жетишкендерин жарыялады.

Жыйынтыктап айтканда, Евразия чөлкөмүндөгү көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүүдө жыл сайын өткөрүлүүчү Анталия дипломатиялык форумунун маанилүү платформа боло алаарын акыркы форумдагы окуялар далилдеди.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар