Мирзиёевдин Пакистанга жасаган мамлекеттик иш сапары

Евразия күндеми-28

1793429
Мирзиёевдин Пакистанга жасаган мамлекеттик иш сапары

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Пакистанга жасаган мамлекеттик иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-март күндөрүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Пакистан Ислам Республикасында алгачкы мамлекеттик иш сапары менен болду. Президент Шавкат Мирзиёевди аэропорттон Пакистандын премьер-министри Имран Хан өзү тосуп алды. Баш калаа Исламабаддагы премьер-министрлик сарайында өткөрүлгөн расмий тосуп алуу аземинен кийин эки лидер тет-а-тет форматында жолугушту. Андан соң лидерлер делегациялары менен биргеликте жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 10го жакын келишимге кол коюлду.

Эки өлкөнүн лидерлери басма сөз жыйынында, өткөн жылы пандемияга карабастан эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 50 пайызга өскөндүгүн баса белгилешип, соода жүгүртүүнүн көлөмүн бир нече жылда 500 миллион долларга жеткирүүнү максат кылып жатышканын айтышты. Иш сапардын алкагында Исламабадда өткөн Пакистан-Өзбекстан бизнес форумунда 800 миллион доллардык 60 келишимге кол коюлганы белгилүү болду. Учурда Өзбекстанда пакистандык инвесторлордун 177 компаниясы иштеп жатат.

Исламабадда президент Шавкат Мирзиёев менен премьер-министр Имран Хан, Термиз-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар темир жол долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн бүтүрүү боюнча жол картасын талкуулашты. Лидерлер ошондой эле Ташкент-Лахор жана Ташкент-Исламабад ортосунда түз аба каттамдарын ачууну макулдашышты. Ташкент менен Исламабаддын ортосунда автоунаа каттамы жаатында кызматташуу келишими күчүнө кирген эле. 2021-жылдын май айында эки өлкөнүн ортосунда жүк ташуучу унаалар каттай баштаган. Өзбекстан Пакистан аркылуу океанга чыгат.

4-март күнү президент Мирзиёев Исламабадда Пакистандын алдыңкы ишканаларынын башчылары менен жолугушту. Шавкат Мирзиёевдин Пакистанга иш сапары Пакистандын президенти Ариф Алви менен болгон жолугушуусунан кийин жыйынтыкталды. Шавкат Мирзиёев Ариф Алвини Өзбекстанга чакырды.

Иш сапар учурунда коопсуздук тармагында кызматташуунун жол картасы боюнча келишимге кол коюлду. Пакистан, Өзбекстан жана Түркия 2019-жылдан бери үч тараптуу аскердик машыгууларды өткөрүп келет. 2021-жылдын ноябрь айынын башында Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Виктор Махмудов Пакистанда үч күндүк иш сапары менен болгон.

Өзбекстан менен Пакистандын кызматташтыгы стратегиялык деген статуска ээ. Премьер-министр Имран Хандын 2021-жылдын июль айындагы Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган. Белгилей кетчү жагдай, акыркы эки жылда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан алты жолу жолугушкан.

Өзбекстан менен Пакистан Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу аймактык уюмдардын алкагында да өз ара мамилесин бекемдөөдө. Мирзиёевдин Исламабадга болгон иш сапарында Ооганстандагы кырдаал лидерлердин негизги күн тартибиндеги маселелерден болду. Анткени эки өлкө тең Ооганстан менен чектеш жана экөө тең Ооганстан менен тыгыз кызматташууда. Борбор Азиянын Түштүк Азия менен байланышуусу жана аймактар ​​аралык кызматташтыктын өнүгүшү Ташкент-Исламабад мамилелеринин жүрүшүнө жараша болот.

Жыйынтыктап айтканда, президент Шафкат Мирзиёевдин Исламабадга болгон иш сапары жемиштүү өттү. Бабур шахтын мураскорлору болгон Пакистан менен Өзбекстан көптөгөн тармактарда тыгыз кызматташат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар