Буларды билесиздерби?
Мерич Сүмен.

Түркиянын биринчи балеринасы Мерич Сүмендин атактуу Большой балетинин тарыхында башкы ролду ойногон биринчи чет элдик “прима балерина” экендигин билесиздерби?
1943-жылы туулган, Нинет де Валуа негиздеген түрк балетинин жылдызы Мерич Сүмен Түркиянын биринчи балеринасы жана эң маанилүү бийчи - хореографтарынын бири.
Сүмен 1961-жылы Анкара мамлекеттик консерваториясынын балет бөлүмүн аяктагандан кийин, Анкара мамлекеттик опера жана балетинде иштей баштайт. Ал башкы балерина наамына татыктуу болгон биринчи өнөрпоз.
Анкара жана Стамбул мамлекеттик опера жана балет мекемелеринен тышкары көптөгөн өлкөлөрдө конок бийчи катары сахнага чыгып, ар кайсы өлкөлөрдө балет сабактарын берип, эл аралык балет сынактарында тандоо комиссиясынын мүчөсү катары Түркиянын атынан катышкан.
Улуттук жана эл аралык аренада көптөгөн биринчи сыйлыктарды алган Мерич Сүмен Москвадагы Чоң театрдын тарыхында биринчи конок башкы бийчи болду.
Кийинчерээк Большой бий академиясынын окутуучулук бөлүмүн аяктагандан кийин «Балет мугалими» дипломун алып, бир канча убакыт Мимар Синан университетинин Стамбул мамлекеттик консерваториясында окутуучу болуп иштеген.
Балет искусствосунда Түркиянын биринчи жана жалгыз Мамлекеттик артисти наамына ээ болгон Мерич Сүмен Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору болуп да иштеген.