Буларды билесиздерби?

Лейла Генжер.

1792779
Буларды билесиздерби?

Белгилүү сопрано Лейла Генжердин үнүн колдонуу техникасы дүйнөлүк опера терминологиясына “Gencerate” деген түшүнүк катары киргенин билесиздерби?

20 - кылымдын эң негизги сопранолорунун бири катары көрсөтүлгөн жана аты опера тарыхына алтын тамгалар менен жазылган Лейла Генжер опера карьерасын 1950-жылы Анкара операсында «Каваллерия Рустикана» операсында Сантуаззанын ролу менен баштаган.  Түркия менен Италиянын ортосунда кол коюлган Маданият келишиминин алкагында биринчи жолу 1953-жылы радио концерт берүү үчүн Римге барат.  Бул концерттеги ийгилигинен улам Италиядагы опералардан башкы ролго сунуштар түшүп, Генжер эл аралык карьерасына кадам таштайт.  Вердинин атактуу «Травиата» операсы менен Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Россияда, АКШда концерт койот. 1957-жылы Лейла Генсер эң чоң максатына жетип, дүйнөгө белгилүү Ла Скала театрында сахнага чыгат.

1985-жылы сахна менен коштошкон артист 2008-жылы көз жумганга чейин Ла Скала театрында  жооптуу  кызматтарды аркалап, лекцияларды окуган. Изилдөөчүлүгү жана билим деңгээли менен унутулуп бара жаткан көптөгөн эмгектерди жарыкка чыгарган Лейла Генжер үнүндө бир техниканы колдонуу менен дүйнөлүк опера терминологиясына «Gencerate» түшүнүгүн да алып келген.



Тектеш кабарлар