Буларды билесиздерби?

Эбру.

1777895
Буларды билесиздерби?

                        

Эбру искусствосу – бул кандайдыр бир клей менен конденсацияланган сууга боёктор менен оймо -чиймелерди тартып, ал оюмдарды кагазга түшүрүү. Эбру искусствосу негизинен жасалгалоо өнөрү болуп саналат. Бул декоративдик искусство менен үйлөр жана жумуш орундары үчүн кооздук буюмдар жаралат.

Орто Азияда көркөм жана кагаз жасалгалоо өнөрүнүн эң негизгилеринин бири болгон эбру искусствосу качантан бери белгилүү болгонун айтуу мүмкүн эмес. Биринчи документтештирилген эбру искусствосу 16-кылымга таандык. Осмон империясы мезгилинде маанлүү иш тармагынын бири болгон эбру искусствосу тууралуу эң эски түрк чыгармасы 1615 – жылдан кийин жазылган. Батышта эбру искусствосу үчүн мрамор кагазы жана түрк кагазы сыяктуу аталыштар колдонулган.

Эбру китептердин беттеринде, кол жазмалардын четтеринде иллюминация жана каллиграфия менен бирге колдонулса да, бүгүнкү күндө өзүнчө бир көркөм чыгарма катары бааланып, көргөзмөгө коюлууда. Өткөн күндөрдө көптөгөн адам бул искусство менен жан баккан болсо, азыр бир хобби катары аткарылган искусствого айланды.



Тектеш кабарлар