Украина кризиси тереңдеп баратат

СЕТанын тышкы саясат боюнча изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын пикири.

1770220
Украина кризиси тереңдеп баратат

  Украина кризиси барган сайын тереңдеп баратат. АКШ менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүү процесси каалаган натыйжаны берген жок. Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча кайрылуусуна АКШ кандай жооп кайтарганы азырынча белгисиз. Вашингтон администрациясы Москвадан өзгөчө каттын мазмунун эл аралык коомчулук менен бөлүшпөөнү өтүндү. Мунун өзү эле жашыруун соодалашуу бар экенин көрсөтүп турат. Бир тараптан алганда, Россиянын Украинанын айланасында аскер жайгаштыруу болгон ылдамдыгы менен уланууда. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Россиянын аскердик кадамга барары анык деп эсептелүүдө.  Бирок, бул кадамдын көлөмү белгисиз.  

СЕТанын тышкы саясат боюнча изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Украина кризисинин ар кандай динамикасы бар. Балким, бул динамикалардын эң негизгиси кризистин Украина менен эле чектелбегени. Россия жана батыш кризиске жаңы геосаясий беттешүү катары карашууда. Суук согуштан кийин Россия федерациясынын алсыздыгын бир мүмүкнчүлүк катары көрүп «ачык каалга» саясатынын негизинде Россияга карай кеңейген НАТОго жооп катары эми Россия батыштын алсыздыгын көрүп, жаңы кадамга барууда. Бул кадам негизинен Россиянын «жакынкы чөйрө» деп атаган аймактан НАТОнун алыстатылышы үчүн жасалууда.

Бул Россиянын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү.батыш үчүн маселе Европанын коопсуздук архитектурасына карата ташталган кадам. Москванын коопсуздук кепилдиги НАТОнун Россиянын жакынкы чөлкөмүнөн, анын ичинде мүчө мамлекеттердин чыгып кетишин талап кылууда. Бул талапты кабыл алуу Европанын коопсуздук архитектурасын кайра куруу дегендикке жатат.

Бир тараптан, Батышта толук консенсус жок. Германиянын саясаты өзгөчө көңүл бураарлык. Берлин администрациясы Украинага курал - жарак жардамын көрсөтүүгө каршы чыгып, Россияга карата «жумушартуучу» саясат жүргүзүү керектигин жактап жатат. Өзгөчө жаратылыш газ тууралуу Россияга көз каранды болгон Германия Россияга карата катуу бир НАТО жана Европа Биримдиги мамилесин да колдогондой көрүнбөйт. Франция болсо башка бир позицияда. АКШ Кытайга дагы көп көңүл буруу менен Россия коркунучуна көңүл бурбай жатат.

Кризистин тереңдеп, согушка айланбашы үчүн аракет кылган Түркия Украина менен Россиянын ортосунда арачылык кылууну сунуштады.

Президент Эрдогандын 3 - февралда Украинага сапар менен барышы күтүлүүдө. Бул сапардын негизги максаты - Москва менен Киевдин ортосундагы кризисти жөнгө салуу үчүн жеңилдетүүчү негиз түзүү. Бирок Түркиянын негизги позициясы батыш менен калыптанууда. НАТОдон тышкары Түркиянын Россия менен сүйлөшүүсү мүмкүн эмес. Бирок президент Эрдоган кризисти тынчтандыруу үчүн колунан келген аракетин кылууда. Анткени Кара деңиз аймагы Түркиянын коопсуздугу жана ырааттуулугу үчүн өтө маанилүү. Россиянын ыктымалдуу кийлигишүүсү Түркияны тынчсыздандырат жана түрк  - орус карым  - катнаштарына зыянын тийгизет. Ушул себептен Анкаранын үчүнчү бир жолду таап же таба албай тургандыгы Путиндин президент Эрдогандын чакыруусуна кандай жооп берерине байланыштуу экендиги түшүнүктүү болуп жатат.

 

 

 



Тектеш кабарлар