Жарылган эриндер

Шыпаа булагы-19

1765432
Жарылган эриндер

Бүгүн биз жарылган эриндерди табигый жол менен дарылоо ыкмаларынан сөз кылабыз. Бул сунуштарды төмөнкүдөй тизмектей алабыз:

Кумшекер

Бир чай кашык кум шекерди бир чай кашык бал менен аралаштырып, эриниңизге сүйкөңүз жана беш мүнөткө күтүп туруңуз. Андан кийин эриндериңизди жылуу суу менен чайкаңыз.

Бал

Манжаларыңыздын жардамы менен эриндериңизди толук жапкыдай түрдө балды (мүмкүн болсо органикалык) сүйкөп, 15 мүнөткө ушундай калтырыңыз. Бул ыкманы күнүнө 2-3 жолу колдонсоңуз болот.

Бадыраң

Бадыраң эриндериңизди айыктыруу үчүн керектүү нымдуулукту камсыз кылат. Бадыраңдын ширелүү жагын эриндериңизге сүйкөп күтө туруңуз. 15-20 мүнөттөн кийин эриндериңизди тазалаңыз.

Бадыраңдын дагы бир колдонулушу төмөнкүдөй:

Адегенде бадыраңды кабыгы менен аарчып ылайыктуу идишке салабыз. Теркадан өткөрүлгөн бадыраңдын кесиндилерин эриндериңизге жабыштырып, 20 мүнөттөй эриндериңизге калтырыңыз. Андан соң эриндериңизди муздак суу менен жууңуз.

Бадам:

Бадамдуу эрин скрабы үчүн идишке 1 чай кашык майдаланган бадамды салып, ага жарым чай кашык рафинирленген шекерди жана 1 чай кашык бал кошосуз. Бул аралашманы эриндериңизге 2 мүнөткө калтырып, андан кийин алып салыңыз.

Кофе чөгүндүсү:

Эриндер кургаганда кофенин чөгүндүсү абдан пайдалуу. Идишке 1 чай кашык кофенин чөгүндүсүн салыңыз. Үстүнө 1 чай кашык бал жана 1-2 тамчы зайтун майын тамызыңыз. Бул аралашманы эриндериңизге сүйкөңүз. Акырында жылуу суу менен жууп салыңыз.

Айран жана күнжүт маскасы:

Керектүүлөр

• 1 чай кашык айран

• 1 чай кашык күнжүт майы

Ылайыктуу идишке айран менен күнжүт майын жакшылап аралаштырыңыз. Аралашманы манжаларыңыздын жардамы менен эриндериңизге укалап сүйкөңүз. Укалоо иши аяктагандан кийин эриниңизди муздак суу менен тазаласаңыз.

Бул масканы жумасына бир жолу жасасаңыз болот.

Зайтун майы

Күнүгө кечинде жатар алдында кебез менен эриндериңизге сүйкөй турган зайтун майынын негизинде жарылбаган эриндерге ээ боло аласыз.

Алоэ вера

Кесилген алоэ жалбырагынан чыккан гелди эриниңизге сүйкөп, түнү ушинтип уктаңыз.

Кокос майы

Жарылган эриндериңизге катуу формадагы кокос майын сүйкөсөңүз жетиштүү болот.

Сүт жана роза жалбырактары

Бир ууч роза гүлүнүн жалбырактарын жылуу сүт куюлган идишке салып, жарым саат тыныктырып коюңуз. Андан соң сүттөн роза гүлүнүн жалбырактарын алып эзип, уктаар алдында муну эриндериңизге сүйкөңүз.

Туздуу суу

Туздуу суу жараатты айыктыруу процессинде таза кармоого жардам берет. Ушул максатта кичинекей стакан жылуу сууга бир аш кашык туз кошулат. Бул аралашмага кебез кездемени же кебезди малып, эриндеризге сүйкөңүз. Колдонуу учурунда эриндер ачышып оорушу мүмкүн, бирок булар бир нече мүнөттөн кийин жок болот.

Суу

Эриндериңизде жоголгон нымдуулукту кайтарып алуу үчүн суусабасаңыз да суу ичүүнү унутпаңыз. Күнүнө 8-10 стакан суу ичүү менен организмди керектүү суу менен камсыздап, эриндердеги жаракалардан арыла аласыз.

Доктор Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар